— Азике, ошондо Атамбаев менен кошо парламентте дагы жоопкерчиликти тартыш керек беле?
— Премьер-министрди парламент шайлайт, жыл сайын отчётун угуп кабыл алат, келген инвестицияны парламент ратификация кылат, акчанын баардыгын парламент көзөмөлдөйт. Андай болгон соң эмне үчүн Атамбаев президент кезинде эч нерсе деп айтпайт дагы, кеткенден кийин баардык күнөөнү жалгыз Атамбаевге оодарып салып, өздөрү таптаза болуп олтурушпайбы. Моралдык, саясий күнөөбүз бар, убагында Атамбаевди угуп олтура бериптирбиз, өзүбүздүн ишти аткарбаган экенбиз, бүгүн Жээнбековду угуп калдык деген сын, көз караш айтылбайт. Конституция боюнча дагы азыркы парламенттин саясий күнөөсү бар. Алар коллегиялык орган, кабыл алган чечимине, берген добушуна Конституция боюнча жооп бербейт.
— Президенттин 3 багыт боюнча реформасын колдойт экенсиз. Элчиликти тандабай эле бул жакта жардам берсеңиз болбойт беле?
— 2017-жылы мекенчил-улутчул күчтөр менен так ушул айткан идеялар менен президенттикке талапкер да болуп бардым. Бул чоң компания, үнүң эч жерге жетпейт, маалымат каражаттарың жок эч жакка бара албайсың. Эл арасында 12 жыл жумушу жок эле жүрдүм. Анда дагы жөн жүрбөстөн силердин гезит аркылуу ушул идеяны айтып келатам. «Унчукпай коюуга укугум жок» деген китебим менен президентти канча сындадым. Бүгүн деле ошондой сөздөрдү айтып келатам. Эмне жыйынтыкка жеттик? Эч нерсеге жеткен жокпуз. Нөл десек болот. Азыр деле ошентип жүрө берсем, нөл болуп кете берет. “Силердин идеяңарды ишке ашырабыз, реформа учурунда чогуу иштешебиз, сиз убакытты бошко кетирбей ушул жакта иштеп турбайсызбы…” деген сунуш менин оюмча жөндүү эле. Биздин уюм токтогон жок, ишин улантып жатат. Негизгисин айтып коёюн, тандоо меники эмес, президенттики. Эч жакка кетирбей эле ушул маселелер боюнча иштеп бериңиз десе, каршы болбойт элем. Бирок, Конституция боюнча өкмөттү парламенттеги партиялар аныктайт. Кызмат-ордуларын 4 партия бөлүп алган. Ал тургай президенттин аппарат башчысы башка партиянын өкүлү. Президент экөөбүздүн байланышыбызды ачык эле айтайын, экөөбүздүкү көп жылдарга айланып кетти. Мен каалаган кызматты президент бере алган жок, президенттин айтканына мен барган жокмун. Акыры келип ушул элчиликке токтодук.
— Ачык айтып жатпайсызбы, кайсыл кызматты сураганыңызды дагы ачыктап койбойсузбу? Президент кайсыл кызматтарды айтты эле?
— Мен элчиликти тандаган жокмун. Түркия, Азербайжандагы элчиликтер сунушталган. Мен макул болбогондон кийин башкалар кетти. Акыркысы – Малайзияга барбайсызбы деген сунуш болду. Саясатчы үчүн тайм-аут дагы керек. Малайзияга элчи болуп кетип, Кыргызстандын саясатынан кетип калдым деп айтпайм. Ошол жакта жүрүп дагы Кыргызстандын элине чоң жардам берүүгө аракет кылам. Президент өзү сунуш кылып жиберди эле, мына эми дегендей жаман атка калтырбаганга аракетимди жасайм. Туура тандоо болгон экен, Малайзиядагы каралбай калган элчилигибиз иштеп жатат деген кыргыз эли үчүн жакшы нерсе.
— Саясаттан тажап, айласыз сыртка чыгып кетпей, тайм-аут алып, саясий өргүүгө кетип жаткан турбайсызбы…
— Саясаттан тажасам эшикти жаап коюп кетет элем. Эшикти жапкан жокмун, элге саясаттан кеттим деп айтканым жок. “Мен саясаттан кеттим” деп чет өлкөгө кетип, 2–3 жылдан кийин кайра келип, депутат болом деп жүргөн бир топтор бар. Жаңы китепти жазып жатып, саясатка жаштар келишине каршы болуп калдым. 60 жаштан өткөн, турмушту билип, кагылып-согулуп, кемчиликтери кайсыл жерден кеткенин анализдеген адамдар саясатты аныктаса түзүк болчудай. Жаштар аткаруу бийлигине иштесин, аким, айыл өкмөт, министрдин орун басары болуп барып, ошол жакта бышып, андан кийин саясатка келишсин. Кытайда 60 жашка чыккыча министр койбойт экен. Азыр биздин жаштар “Баягы эскилер эле жүрөт. Жаштарга орун бербейсиңерби…” деп атышпайбы. Элден мурда саясатка келгенче бир жерден такшалып, сыноодон өтүп келиш керек. Мисалы, 40 жаштагы Бекназаров менен 60 жаштагы Бекназаровду салыштырып көрүп, 40 жаштагы Бекназаров 60 жаштагы Бекназаровдун бир бутуна дагы татыбаган саясатчы экен деп баа берем. Россияда Ельцин жаштарды бийликке алып келип эксперимент кылган. 22 жаштагы Кириенкону премьер-министр кылып алып келген. Андан соң 60 жаштан өткөн Черномырдинди алып келгенден кийин экономика токтогон. Кыргыз “Жаш келсе ишке” деп бекер айтпаган экен да. Жаштарды иштетишибиз керек. Курсагы чоң миллиондогон акчасы бар бизнесменди “Акчаң бар экен, депутат болуп кел” деген саясат туура эмес. Азыр “Базар-Коргондон, Алайдан ким бай? Ошону тапкыла” деп калбадыбы. Мамлекетибиздин саясатын жүргүзө турган органды алдын ала шайлоо кодекси менен ушундай болот деп койгонбуз. Бул Батыштын долбоору. Кыргызстан ушундай башаламан болсун, улуттук каада-салты талкалансын, биз айткан долбоор менен партиялык системаны өркүндөтөбүз деп ит боло берсин дешти. Биз партияны өркүндөткөн жокпуз, талкалап салдык. Партиянын лидерлери болгон коррупционерлерди, саясий коррупцияны пайда кылдык. Тизмеге кириш үчүн пулдуулар келет, кезек талашат. Эң байлары “золотой” болуп биринчи ондук, андан кийин “күмүш”, “коло” болуп кетишет. Ушинтип өлкөбүздү өзүбүз мыйзамдарыбыз менен тыттык. Буга бир эле президенттер күнөөлүү эмес, президенттин кеңешчилери, референдумду өткөргөндөр күнөөлүү. Мен президентке жолуккан сайын Батышты 30 жыл уктук, эми өзүбүздүн элибизди угалы, өзүбүздүн каада-салтыбызга жараша референдумду жүргүзөлү, сиз ушуну ишке ашырыңызчы деп суранам.
— Муну ишке ашыруу үчүн президентте бирдиктүү команда болушу керек да. Андай командасы жок болсо, кантип ишке ашырат?
— Команданы өзү түзөт. Жолдош Шарипович, мен сиздин командаңызга кирип, ушул ишти жүргүзөйүн деп айта албайм да. Ал өзүнүн иши. Реформага чейин убакыт бар, мүмкүн “Азике кел, жардам бер” деп чакырар. Чакырбаса андан суранбайм. Ушул эле идеяны Бакиевге, Атамбаевге дагы айткам. Кылбайбы, башкача кетет. Кыргыз эли өзүнүн саясатын, өнүгүү жолун өзү аныктамайынча өлкө оңолбойт. Бул президент 4 президенттин жолун жолдобойм, алар кетирген кемчиликти кетирбейм десе, ошол жолго барат, башка жолу жок. Азыр өзүнүн командасынан турган “Биримдик”, “Кыргызстан” партиясын түзүп жатыптыр деп айтып жатышат. Бул шайлоо алдындагы маалымат согушу. Анткени президентке кимдер гана кирбей жатат. Булар Атамбаевге дагы “Биз сиздин партияңызга кирип беребиз, ырдап беребиз” дешкен. Ошон үчүн Атамбаев аларга ишенип, силерге окшогон акчасы жок журналисттерден дагы беш-алтоосун, катчыларын, шопурларын да киргизген. Бакиевде болсо Медет Садыркулов, Максим, Жаныш Бакиевдер тандаса, Атамбаев жеке өзү тандаган. Аягы эмне болду? Тандаган 120 адамынын 105и уруп бербедиби. “Балакай” деген журналисттер бир жолу үнүн чыгарып койбоду. Ошондуктан азыркы президент “Кечээ Атамбаевди саткандар мени деле сатат” деп ойлонот болуш керек. Элге барып, бийликтин партиясыбыз деп саясат жүргүзүп жаткандардын көбү жасалма. Алдыда “Биз президенттин саясатын колдойбуз, анын командасыбыз…” деп кыйкырып чыгышат. “Биримдик”, Кыргызстан” президенттики дегенге ишене албайм. Себеби, бул партияга кирди деген тизмени карасам, Акаев заманынан бери жүргөн адамдар толуп алышыптыр. Өзү жүрбөсө дагы аялын, карындашын, кызын, баласын, өкүл баласын ар жерге киргизип жатышкандар толтура. Ошондуктан, элге дагы бир жолу кайрылайын: Кагылайын кыргыз элим, жок дегенде бийлик менен байлыкка ээ болгулачы. Менчигиң болгон кен байлыгыңды чет өлкөлүктөрдөн бөлүп алчы, олтура бербей! Шайлап аткан бийлигиңди, депутатыңды таанып койчу.
— Өзүңүз президенттин командасы жок, жалгыз иштеп келатат деп айтып жүрбөйсүзбү. Ушул жолдо кете берсе, кийинки жылдан баштап бул кишини эч ким укпай калат да. Анан кантип убадаларды ишке ашырат?
— Президент Атамбаевдин командасын өткөрүп алды, өзү дагы Атамбаевдин командасында болгон, ошол үчүн президент болду. Бул тарыхый ачуу чындык. Атамбаевдин командасы менен КСДП партиясы бийликте калды, Абылгазиев баштаган өкмөт иштеп жатат. Ошондуктан ар дайым командаң жок деп айтам. Жээнбековдун командасындагылар Атамбаевди сатып, алдына келгендер, эртең өзүн дагы сатып кетет. Себеби, бир жолу саткан адам дайым сатат. Президент өзүнүн командасын түзөйүн десе, парламентте олтургандар жол бербейт. Эртеңки шайлоодо президенттин атын жамынып, анын командасымын деген адамдар парламентке келет, бирок келип алгандан кийин президентти угушпайт. Анткени, Жээнбековдун 2 эле жылы калат, алар кийинки келчү президентти издешип, ошого өткөнгө аракет кылышат.
— Сиздеги президентке болгон ишеним кайсыл жылга чейин?
— Бул президенттин реформа жасоо мөөнөтү 2021-жылга чейин. Андан кийин реформа жүргүзө албайт. Быйыл Конституциялык кеңешме түзүп, элге чыгара тургандарын чыгарыш керек. Шайлоого кошо элден кайсыл башкаруунун түрүн колдойсуң? –дегенди койсо, ошого жараша жаңы келген парламент Конституциялык башкарууну башкарып, 2021-жылдын жарымында бүтүрүшү керек. Ушул оптималдуу жол. 2022-жылдан нары кетсе, бул президент реформаны жүргүзө албай, башка күчтөр жүргүзөт.
— 2021-жылга чейин президент реформаны баштабаса элчиликти таштап кетесизби?
— Менде 100 пайыз ишеним бар, президентке реформада дагы кол кабыш кылып жардам берем.
— Сиз Малайзиядагы элчиликке барганда эмнеси менен башкалардан айырмаланат?
— Азыр бул элчилик башка элчиликтерден иштебей, ташталып калганы менен айырмаланат. 3 жылдан бери иштебейт десек да болот. Азиянын түштүк-чыгышындагы өлкөлөр өнүккөн, ушул зонаны Кыргызстан пайдаланышы керек. Эски дүйнө Батыштын эмне болуп баратканын көрүп жатабыз го. Аларда эркеги менен аялынын айырмасы жок болуп калды. Малайзия бизге окшогон мусулман өлкө. Бийликте улутчул-мекенчил партиялар. Дагы бир окшоштугубуз, алардын дагы көз карандысыздык күнү 31-август.
— Махатхир Мохамад менен жолуксаңыз эмнени айтам деп пландап жатасыз?
— Махатхир Кыргызстанга биринчилерден болуп жардам берген премьер-министр болгон. Малайзия акчалай жардам берген. Таш-Көмүрдөгү атактуу завод “Кристаллга”, “Ак-Кеме” мейманканасына дагы акча берген. Биздин коррупциялык системабыз баарын талкалап, алардын акчалары талаага кеткен. Путин Крымда Данияр Үсөновду “Мен жардамды Кыргызстанга бергем, силердин үй-бүлөңөргө эмес” деп урушкандай, Махатхирдин бизден оозу күйүп калган. Ага биринчи эле өзүңүз барган Кыргызстанда сизди алдаган чиновниктерди эл айдап чыккан, өчүңүздү эл алып берген, эми Кыргызстандын элине жардам берет го деген сизден чоң үмүтүбүз бар деп айтам. Ансыз деле алардын атайын кызматы биздеги окуяларды, ким элчи болуп баратканы жөнүндө маалыматты жеткизип койгон.
Маектешкен Мухтар Жаркулов
Булак: “Жаңы Ордо”