Азилньюс: Текебаев абактан бошоор менен бийликти даңазалап, аны менен кызматташам деп калды

Азилньюс: Текебаев абактан бошоор менен бийликти даңазалап, аны менен кызматташам деп калды

Жашаймын түбөлүккө Абылгазиев!

Дайыма жарык чачкан күнүм белең

Сен барда жалаа жок да, үйүм кенен.

Жашаймын сени менен Абылгазиев,

Түбөлүккө картайбаган сүйүүм менен.

Кайырма:

Кыялдарга батам түркүн

Абылгазиев мага сүйкүм.

Бүт өмүргө шерик болуп,

Мен бошогон ошол бир күн.

Оо, президент өмүрлөшүм,

Мени бошоткон көңүлдөшүм,

Сен бар үчүн бактылуумун.

Атамбаевдин эч нерсе эмес камаганы,

Атымды булгап мени жамандады.

Апирист Маевский досу экен,

Ал жакта толуп турат амал дагы.

Кайырма:

Кыялдарга батам түркүн

Абылгазиев мага сүйкүм.

Бүт өмүргө шерик болуп,

Мен бошогон ошол бир күн.

Оо, президент өмүрлөшүм,

Мени бошоткон көңүлдөшүм,

Сен бар үчүн бактылуумун.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Назар Новости