Азилньюс: Президенттер да ыйлайт, камалат, ал эмес калп да айтышат.

Азилньюс: Президенттер да ыйлайт, камалат, ал эмес калп да айтышат...

Мамлекет башчыларынын ичинде эл үчүн иштеп, түбөлүк тарыхта калгандары да бар, коррупцияга малынып түрмө тозогуна кабылгандар да бар. Арийне, башкалар түрмөгө кылган кылмышы үчүн барышса, мамлекет башчылары элдин каргышы менен барышат.

Түштүк Кореянын коррупцияга малынып камакта жаткан экс-президенти Пак Кын Хэ, Армениянын коррупцияга малынып камакта жаткан экс-президенти Роберт Кочарян жана Кой-Таш маселеси боюнча камакта жаткан Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаев ким көп калп айтат деп мелдеше кетет.

Түштүк Кореянын коррупцияга малынып камакта жаткан экс-президенти Пак Кын Хэ:

-Биздин корей кыздарын кинодон көрсөңөр абдан сулуу! — дейт.

-Эмне экен кинодогусу, биздин кыргыз кыздары киносу жок эле абдан сулуу! – дейт Кой-Таш маселеси боюнча камакта жаткан Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаев.

-Мен бир жолу мергенге чыксам беш өрдөк учуп баратыптыр, атсам бешөө тең талп этип кулап түштү. –дейт Армениянын коррупцияга малынып камакта жаткан экс-президенти Роберт Кочарян.

-Эмне экен бешөө катар учуп баратканда аткансың да.- дейт Кой-Таш маселеси боюнча камакта жаткан Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаев, анан калп айта баштайт:

-Түрмөдө бир хатада жалаң аялдар жашайт, эч бир сөз жок дым-дым. –дейт Атамбаев.

-Койсоңчу калпыңды, кантип эле аялдардын башы кошулган жер сөз жок дым-дым болсун деп, экөө Атамбаев мыкты калп айтат экен деп мойнуна алыптыр.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Назар Новости