Азилньюс: Президент болсо казактарга кыргыздарды дүңүнөн сатып ийгиси келген Бабановдун арманы

Азилньюс: Президент болсо казактарга кыргыздарды дүңүнөн сатып ийгиси келген Бабановдун арманы

Көрүшкөнчө көздөрүмдөн чагылган,

Казактарга салган менин көпүрөм.

Кыргыз эли сага барбай жаңылгам,

Жетпей калып президентке өкүнөм.

Кайырма:

Кимге айтып күйүтүмдү,

Кимге барып өтүнөм.

Казак ойлоп күнү-түнү,

Кимге айтып күйүтүмдү,

Кимге барып өтүнөм.

Таанышкыча табышмактуу казагым,

Тандап кеттим Орусия өлкөнү.

Пенза жакта цемент завод бар чыны,

Артык экен башка жердин көркөмү.

Кайырма:

Арбалдым да эми келдим,

Ала-Тоону көргөнү.

Акча алып эми келдим,

Ала-Тоону көргөнү.

Кала берем мекенимде бийлик деп,

Жүрсөм экен камагы жок аман-соо.

Кыргыз жерге шайлоо качан келет деп,

Көкүрөгүм жалын бүрккөн жанар тоо.

Кайырма:

Жалын бүрккөн үшкүрүгүм,

Жаңырыгы жанар зоо.

Казагым деп түш көрөмүн,

Жалын бүрккөн үшкүрүгүм,

Жаңырыгы жанар зоо.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Назар Новости