Азилньюс: Мамлекет башчылары деле селфиге түшөт, селфиге түшкөндөр эмне жөнүндө “бажарышкан”

Азилньюс: Мамлекет башчылары деле селфиге түшөт, селфиге түшкөндөр эмне жөнүндө “бажарышкан”

Арменияда өтүп жаткан ЕАЭБтин жыйынында сельфиге түшкөн мамлекет башчылары «Дүйнөнү ким эмнеси менен таң калтырат» деген конкурс өткөрүп калат.

-Дүйнөнүн оозун ачырып, борбор калаабызды тез арада куруп, саммит, олимпиадаларды өткөзүп жатабыз.-деген Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев үчүнчү орунду алыптыр.

-Дүйнөнүн оозун ачырып, экономикадан чоң секирик жасап жатабыз.- деген Армениянын премьер-министри Николай Пашинян экинчи орунга чыгат.

-Дүйнөнүн оозун ачырып, карызка баткан экономикабызды тез эле кылдан камыр сууругандай сууруп алдык.-деген Молдованын президенти Игорь Додон биринчи орунга татыктуу болот.

-Дүйнөнүн оозун ачырып, кайрадан дагы революция болуп кетеби деп чоочуйм. — деген Кыргызстандын башчысы Сооронбай Жээнбековго Гран-прини ыйгарышыптыр.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Назар Новости