Азилньюс: Кытай шовинисттерин визасы жок кийирүү үчүн парламентте мыйзамды оңдойм деп жулунган Махабат Мавляновага

Азилньюс: Кытай шовинисттерин визасы жок кийирүү үчүн парламентте мыйзамды оңдойм деп жулунган Махабат Мавляновага

Визасыз кийирем деп,

Биз азбыз, аны билем.

Оо, кытай доллар берген,

Бары бир сени сүйөм.

Кайырма:

Жол карап өттү күндөр,

Кытайда сагыныч бар.

Үзүлбөйт сенден күдөр,

Үмүтүм өчпөй жанар.

Виза жок кийирүүгө,

Элибиз чыкты каршы.

Кытайым келсе болмок,

Кытайым абдан жакшы.

Кайырма:

Жол карап өттү күндөр,

Кытайда сагыныч бар.

Үзүлбөйт сенден күдөр,

Үмүтүм өчпөй жанар.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Назар Новости