Азилньюс: Кыргыз пенсионерлери Лунара Мамытованын үгүтү менен неге чет мамлекетке саякатташпай калышты?

Азилньюс: Кыргыз пенсионерлери Лунара Мамытованын үгүтү менен неге чет мамлекетке саякатташпай калышты?

Социалдык өнүгүү боюнча министрдин мурдагы орун басары, «Бир бол» фракциясынын экс-депутаты, сулуулардын сулуусу Лунара Мамытова былтыр пенсияга 200 сом кошулганда пенсионерлер эми чет мамлекетке барып саякаттап жүргүлө деп, 200 сомду аябай барктаган.

Муну уккан Түркия:

-Кыргыз пенсионерлери бизге келип күнгө күйүп кеткиле! –дейт имиш.

Анда Франция:

-Кыргыз пенсионерлери бизге келип сүрөткө түшүп кеткиле!- дейт.

Канар аралдары:

-Кыргыз пенсионерлери бизге келип көңүл ачып кеткиле!- дейт имиш.

Анда кыргыз пенсионерлеринин ПЕНСИЯсы:

-Көчүгүңдү кысып Кыргызстанда отур, ал жакка барсаң ач талаада каласың, фантазёр. –дейт имиш.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Назар Новости