Азилньюс: Криминалдар кыргыз революциясын сагына башташтыбы?

Азилньюс: Криминалдар кыргыз революциясын сагына башташтыбы?

Ак үйдүн алдында капыстан Революция менен Конституция жолугуп калышып, чачташып жатышат:

— Мен биринчимин! – дейт Революция.

— Мен биринчимин! – дейт Конституция.

— Мен күчтүүмүн! — дейт Революция.

— Жок, мен күчтүүмүн! — дейт Конституция.

— Менден бийлик титиреп турат — дейт Революция.

— Менден дагы коркуп турушат — дейт Конституция.

Аңгыча ары жакта Криминал өтүп баратыптыр:

— Эй, кыздар, эмнени талашып жатасыңар? – дейт.

— Сизди, – дешет коркуп кеткен экөө жарыша.

— Мага кезек менен келип тургула, — дейт имиш Криминал бирден муунтуп. — Биздин өзүбүздүн “понятиебиз” бар, бирок Конституцияны деле кабыл ала берем. Ал эми, Революция, сен жазында беш жылда бирден элди чоочутуп турчу элең, көптөн бери келбей сагынта баштадың..

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Назар Новости