Азилньюс: Капыстан Атамбаев парламентке кирип келсе, депутаттардын жүрөктөрү оозуна тыгылыптыр

Азилньюс: Капыстан Атамбаев парламентке кирип келсе, депутаттардын жүрөктөрү оозуна тыгылыптыр

Капыстан эле Жогорку Кеңештин жыйындар залында Алмазбек Атамбаев пайда болуп, трибунага чыгып келет. Депутаттар нес болуп таңыркап карап калышат.

-Биринчи маселе, — дейт Алмазбек Атамбаев, — менин бийлигим мыйзамдуу деп табылсын.

Залда отурган депутаттар шатырата кол чаап жиберишет.

-Экинчи маселе, — дейт Алмазбек Атамбаев, — СДПК партиясынын мүчөлөрү, бүгүндөн баштап баш кошолу.

Залда дүркүрөгөн кол чабуулар.

-Үчүнчү маселе, — дейт Алмазбек Атамбаев, — кээ бир адамдардын камалышын талап кылам!

-Тим эле койбойсузбу, Алмазбек Шаршенович? — дейт спикер Дастан Жумабеков жыпылдап.

-Биринчи, экинчи маселеге каршы жок турбайбы, — деп сүйүнүп кетиптир Алмазбек Атамбаев.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Назар Новости