Азилньюс: Депутаттар автобуска эл менен түшсөңөр, Камчыбек Жолдошбаев асынып өлүп калат

Азилньюс: Депутаттар автобуска эл менен түшсөңөр, Камчыбек Жолдошбаев асынып өлүп калат

Автобуска эл менен депутаттар түшсө, уялганынан асынып өлгүсү келген ЖКда Камчыбек Жолдошбаев деген депутат бар. Анын ою боюнча депутаттар кымбат-баалуу иномаркаларда гана жүрүш керек. Бир күнү Камчыкеңдин капчыгында акчасы да жок, тээп жүргөн машинеси да жок, автобуска күнү түшүп калат.

— Иним, тыйыным жок, ала кетчи, -дейт.

Шопурдун жини келип, Камчыкеңди ашата сөгүп: “Көчүгүңө бир тептирип түшө бер” –дейт. Камчыбек Жолдошбаев көчүгүн тосуп берет, ачуусу келген шопур көчүгүн айрый тебет. Анда Камчыбек Жолдошбаев: “Эми дагы бир тебесизби?” -дейт. Жини келип турган шопур келиштире дагы тебет.

Анда Камчыбек Жолдошбаев аялдамада турган депутат айым Айнуру Алтыбаевага карап: “Айнуш, сиз үчүн да төлөп койдум, түшө бериңиз”, -дейт имиш.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Назар Новости