Депутат Акылбек Жапаровдун жини жаман чет мамлекетке барып, арак ичип алса мейманкананын бөлмөсүнөн баштап, барын жанчып кирет. Акылбек Жапаров Кытайга барып калат. Дөңгө чыгып алып эле кыйкырып жатат дейт:
-Жүз миң кытай жекеге.- деп..
Жүз миң кытай чыгып алып, аны ээрчип дөңдүн артына кетишет. Эртеси Акылбек Жапаров баатыр дөңгө чыгып алып кайра кыйкыра баштайт:
-Эй, жүз миң кытай жекеге.-деп.
Дагы жүз миң кытай ээрчип, аны ээрчип дөңдүн артына кетишет. Эртеси кайрадан Акылбек Жапаров кайра чыгып алып кыйкырып атат :
-Эй, жүз миң кытай жекеге.-деп.
Аңгыча башы көзү жарылган, араң жаны бар бир кытай дөңдүн үстүнө эптеп сойлоп чыгып:
-Оо, туугандар, бара көрбөгүлө,Акылбек Жапаров алдап жатат. Ал жалгыз эмес дөңдүн артында буктурмада бокс боюнча “кара поясасы” бар Алтынбек Сулайманов бардыгын сулатып жатат.- дейт имиш.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»