Мамлекетти голографияны бекем үйрөнүп, илимий эксперимент катары башкара алаарын Аскар Акаев далилдеди;
Мамлекетти Камбар-Ата ГЭСин куруп, экономикалык эксперимент катары башкара алаарын Курманбек Бакиев далилдеди;
Мамлекетти чек араларды жаап коюп, дипломатиялык эксперимент катары башкара алаарын Роза Отунбаева далилдеди;
Мамлекетти Кытайдан карзы алып, коррупциялык эксперимент катары башкара алаарын Алмазбек Атамбаев далилдеди;
Мамлекетти мугалимдердин айлыгын көтөрүп, педагогикалык эксперимент катары башкара алаарын Акматбек Келдибеков далилдеди. мамлекетти башкара алаарын Сооронбай Жээнбеков далилдеп жатат;
Эгер президент болуп калса мамлекетти Жерүйгө кошуп башка кендерди берип, геологиялык эксперимент катары башкара аларын Бабанов далилдемек беле?
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg