Азилньюс: Атамбаев ЖКга тизме түзүп жатат, «Ата-Мекен» келет.

Азилньюс: Атамбаев ЖКга тизме түзүп жатат, «Ата-Мекен» келет...

Тизме түзүү алдында бийликке баш ийген партиялар Чуңкурчак жайлоосуна чогулуп алышып тизме тактап жатышат:

-Конституция боюнча 60 пайыздан ашпайбыз, мыйзамды сактайлы СДПКга 60 пайыз! –дейт Фарид Ниязов.

-«Республика-Ата-Журткачы?» — дейт Өмүрбек Бабанов эки жагын алаңдап карап.

-30 пайыз, жасалма оппозиция болосуңар!

-«Кыргызстан» партиясыначы? — дейт Канат Исаев.

-10 пайыз.

-«Өнүгүү-Прогресс» партиясыначы? — деп жарыша суроо берет Исхак Масалиев менен Бакыт Төрөбаев.

-10 пайыз!

-«Бир бол» партиясыначы? — деп суроо берет Алтынбек Сулайманов.

-«Ата-Мекен» партиясыначы? — дейт Текебаев.

-Орун калбай калды! — дейт имиш Атамбаев.

Бирок, кудайдын парманы менен «Улуттар Биримдиги» менен биригип «Ата-Мекен» парламентке келген.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Назар Новости