Ат-Башы аймагына кыргыз-кытай индустриалдык соода-логистикалык борбор куруу келишими жокко чыгарылды. Аны менен катар .ытай компаниясына аянты 200 гектар жер 49 жылга ижарага берилбей турган болду. Себеби, жергиликтүү эл нааразы болуп, митинг кылып туруп алган. Эки күн мурун райборборго чогулгандар резолюция кабыл алып, бир нече талаптарды коюп, анын аткарылышын өкмөттүн алдына коюшкан. Ал эми логистикалык борбор курганы жаткан инвестор буга чейин 43 миллион сомдон ашык акча салган. Эми аны өкмөт кайтарып берүүгө тийиш. Айрым серепчилер борбор курулса, экономикалык келечеги жакшы болмоктугун, өлкөбүз үчүн пайдалуу жактары көп болмоктугун белгилешет. Курулбай калган логистикалык борборду эми ким курат? “Кытай басып кетет” деген пессимисттик ойлордун кесепетинен ырыскыйдылык кылган жокпузбу?
— Азамат мырза, Ат-Башы аймагына логистикалык борбор курулбай турган болду. Жергиликтүүлөр каршы чыкканчалык эмне кооптуу жагдайлар бар эле?
— Ат-Башыга логистикалык борбор куруу тууралуу сүйлөшүүлөр 20 жылдан бери жүрүп келаткан. Кытайдын товарларын биздин территория аркылуу алып өтүп гана тим болбостон, ал товарларды иргеп, кайра иштетүү биздин экономикабызга абдан пайдалуу болмок. Ал үчүн бизге логистикалык борбор керек болчу. Өзүңүздөр билгендей, Казакстан мындай борборду (Хоргосту) куруп, ишке киргизип койгонуна көп болду. Мына ушул себептен дагы, биз аркылуу өткөн жүктүн көлөмү кескин азайып кеткен. Эч кандай кооптуу жагдайлар, керек болсо, айрымдар айтып жатышкан “экологияга коркунуч келет” дегенге да негиз жок эле.
— А кандай пайдалуу жактары болмок?
— Негизи, Кыргызстанга логистикалык борбор абдан керек. Бизде мүмкүнчүлүк болду. Ат-Башыга курулганда, ал Кыргызстандын мыйзамдары менен иштемек. Жумушчулардын 90%ы жергиликтүү тургундар болмок. Миграция азаймак. Иш издеп чет жерге кеткендер кыскармак. Аймактарды өнүктүрүүгө эң чоң мүмкүнчүлүк жаралат эле. Бирок, атбашылыктар өнүгүүнү каалаган жок. Өкүнүчтүү.
— Эми эмне болот? Борборду курууну башкалар мойнуна алышабы?
— Кытай Эл Республикасы бизге транзиттик өлкө катары өнүгүшүбүзгө эң жакшы мүмкүнчүлүк түзүп берип жаткан. Бирок, тилекке каршы, келишимдердин ишке ашпай калганы өтө өкүнүчтүү болуп отурат. Дал ушул тапта Кыргызстанга инвестиция салгысы келген башка өлкөлөрдү көргөн жокмун. Кытайдан башка дагы 4-5 мамлекет кезекте турса, мейли эле. Бирок, бизде андай эмес да. Кореялык компанияга сунушталды, ал курабы-курбайбы, азыр белгисиз.
Динар Турдугулова
Булак: «АЗИЯnews»