Атамбаевдин сүрөтүн көтөрүп чыкса болобу?

Атамбаевдин сүрөтүн көтөрүп чыкса болобу?

«Серый кардинал», президенттик аппарат жетекчиси Досалы Эсеналиев “Бир бол” партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов менен сүйлөшүп отурат.

— Президент Жээнбеков экс-президент Атамбаевдин сүрөтүн көтөрүп чыкса эмне болот?-дейт Алтынбек Сулайманов.

— Бул тарыхий жактан туура, бирок саясий жактан туура эмес — деп жооп берет Досалы мырза.

— Экс- президент Атамбаев президент Жээнбековдун сүрөтүн көтөрүп чыксачы?

— Бул тарыхий жактан туура эмес, бирок саясий жактан туура. –дейт Эсеналиев.

— Президент Жээнбеков президент Жээнбековдун сүрөтүн көтөрүп чыксачы?-дейт Алтынбек Сулайманов

— Бул тарыхий жактан туура, саясий жактан да өтө туура чечим.- дептир Досукең,

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Назар Новости