Асеин Исаев Кыргызстандын Бангладештеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалды

Асеин Исаев Кыргызстандын Бангладештеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалды

Асеин Исаев Кыргызстандын Бангладештеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Индия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Исаев Асеин Кусеинович Индия Республикасынын Нью-Дели шаарындагы резиденциясы менен ишти айкалыштыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Бангладеш Эл Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалды.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости