Аманбол Бабакулов, жарандык активист: “Ат-Башы эли өтө намыскөй эл экен”

Аманбол Бабакулов, жарандык активист: “Ат-Башы эли өтө намыскөй эл экен”

17-февраль күнү Ат-Башы айылында жергиликтүү эл кайрадан тынчтык митингге чыгышты. Алардын бирден-бир максаты эле “Кытайдан башкалар курушсун, каршылыгыбыз жок. Кытайды жолотпойбуз” деп жатышат. Жадагалса райондун акимин сүйлөтпөй койгону тынчтык митингде өзгөчө боёк, сүртүм болду. Биз жеринде болуп, митингдин аки-чүкүсүн, ийне-жибине чейин өз көзү менен көрүп келген жарандык активист, таластык иним Аманбол Бабакуловду кепке тарттык.

— Аманбол, Ат-Башы айылында болгон тынчтык митингин өз көзүң менен көрүп келдиң. Ушундан кепти баштайлы…

— Ат-Башы эли логистикалык борборду Кытайдын куруп беришине таптакыр каршы. Чыгып сүйлөгөндөрдүн баары “эгер ушул борборду жергиликтүү инвесторлор Аскар Салымбеков же алкомагнат Шаршенбек Абдыкеримов кура турган болсо, биздин каршылыгыбыз жок. Кытайга бербейбиз, андан алыс эле бололу, Кытай жок эле жашайлы” деп атышты.

— Бийлик өкүлдөрүнөн кимдер болду? Укук коргоо органдарынын адамдары митингдин жүрүшүндө элге каршылык көрсөткөн жокпу?

— Ат-Башы районунун акими келди. Аны эл такыр сүйлөтпөй коюшту. Ал эми укук коргоо органдарынан формачан адамдардан он чактысы болуп, алар элдин сүйлөп аткан микрофонун алып коюшту.

— Эмне жыйынтыкка келишти?

— Эл бийликке бир нече талаптарды коюп, резолюция кабыл алышты. 1. Ат-Башы районунун Ак-Талаа айыл өкмөтүнө караштуу 200 гектар жерди Нарын СЭЗден ижарага берилген токтому жокко чыгарылсын; 2. Нарын СЭЗ менен “Нур-Строй” компаниясынын ортосундагы келишим жараксыз деп табылсын; 3. Ат-Башы жергесинде ушу сыяктуу иштерди аткаруу, анын ичинде кен байлыктарын иштетүү маселеси элдик отурумдарда чечилсин; 4. Эл-журт менен эсептешпей, өзүмбилемдик менен иш алпарган Ак-Талаа айыл өкмөтү Канатбек Стамакуновго катуу эскертүү берилсин; 5. Элдик жыйындарда чыгып сүйлөгөн жарандар укук коргоо органдары тараптан кысымга алынбасын, токтотулсун. Мына ушул талаптар иш жүзүнө ашпаса, анда 25-февраль күнү Ат-Башы эли кайрадан тынчтык митингине чыкмай болду.

— Канча эл келди?

— Кеп чынынан бузулбайт эмеспи. Анын сыңары, ачыгын айтып коюш керек, үч миңдей эл сууктун кычыраганына карабай чогулду. Ат-Башы элинин мага жакканы –өтө намыскөй эл экен. Премьер-министр “20-30дай адам эле каршы чыгып атат” деп айтпадыбы? Ошону далилдеп, 20-30 эмес жумурай-журт Ат-Башы, Нарын эли толугу менен каршы экенин көрсөтүп беришти. Бирдеме болуп кетсе, көкбөрү тартып кетчүдөй болуп бир топ атчандар келишти. Аябай сүрдүү көрүнүш болду.

— Элдин логистикалык борбор боюнча түшүнүгү бар бекен же “кытай” деп эле куру дүрмөт менен талап коюштубу?

— Элде маалымат жок. Түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн эмес. Эмне курулат, эмне салынат, кандай заводдор боюнча сөз болуп атат (?) – бул жөнүндө билишпейт. Учкай эле 15 миң адам жумушчу орун менен камсыз болорун билет. Ал эми ошол 15 миң адам эмне иш иштээрин, жадагалса логистикалык борбор деген эмне экенин да билишпейт. Булардын бир гана талабы – Кытайды жолотпойлу, кытайы жок эле жашайлы” деп атышат.

Сурат Жылкычиев

Булак: «АЗИЯnews»

Назар Новости