Алтынбек Жунус уулу, ЖК депутаты: «Өнүгүү» «Биримдикке» кошулбайт. 7 пайыз болсо шайлоого өзү эле катышат

Алтынбек Жунус уулу, ЖК депутаты: «Өнүгүү» «Биримдикке» кошулбайт. 7 пайыз болсо шайлоого өзү эле катышат

Өткөн аптада президент Жээнбеков парламентке келип, өкмөттүн жаӊы мүчөлөрүнүн ант берүү аземине катышып, атайын сөз сүйлөдү. Өз сөзүнүн бир бөлүгүндө шайлоо маселеси боюнча босого чекти да айтты. Сиз кандай чечмелеп, кабыл алдыӊыз?

—Президент 9 пайыздык босого чекке саясый күчтөр даяр эмес экенин айтты. 5 пайыз болгондо жаштар келет деп айтылганы менен аларды баягы эле эски күчтөр колдонуп кетет деген ойду кыйытып, 7 пайыздык босого башыбыздан өттү, андан жаман болгон жокпуз деген сөздү түшүндүм. 9 пайызды да колдоп жаткан депутаттар көп эле. Партия болгон соӊ жалпы республиканы камтып, баарына тегиз болушу керек. 3 пайызга, 5 пайызга да даяр эмеспиз. Анткени, анын тескери жактары көп болот. Ошондуктан мен 7 пайыз болуп калса ага да, 9 пайызга да каршы эмесмин. Анткени мен убагында 9 пайыз кылууга добушумду бергем. Бирок мен 7 пайыздан ылдый түшүрүүгө каршымын.

—Апрель айында боло турган жергиликтүү кеӊештин шайлоосу катуу боло турганы, мисалы, чыр, талаш – тартыш, акчага сатып алуу сыяктуу тескери көрүнүштөр менен боло турганы эмитен байкалгансып турат. Бир үйгө эле 1300 адамды мыйзамсыз каттап коюу деген эмне деген шумдук. Сиздер бул маселени парламентте талкууладыӊар. Бирок эми ошондон жыйынтык чыгабы?

—Биз ал маселени парламентте жакшы эле талкуулаганыбыз менен, аягында талапка ылайык чечим кабыл албай, токтом чыгарып тиешелүү мекемелерге бербей койгонубуз туура эмес иш болуп калды. 1300 адамды бир үйгө кимдер каттап жатканы түшүнүктүү да. Шайлоого кызыкдар күчтөр ушул ишти жасап жатышат. Негизи турак –жай кодекси боюнча бир адамга 12 чарчы метр туура келет да. Эми элестетсеӊиз, ошол 1300 адам катталган адамдын үйү 100 чарчы метр деп коёлу. Мыйзам боюнча аны 1300 адамга бөлө келгенде канчадан тийип калат. Айтор бул жагы акылга сыйбайт турган көрүнүш. Мурунку шайлоолордо “карусел” деген түшүнүк бар эле. Азыркы бул көрүнүш ошол “каруселдин” эле мыйзамдаштырылган эле түрүндөй эле болуп калды. Дагы бир коркунуч бар. Азыр Ош, Балыкчы сыяктуу шаарларда эл каттоо жүрө баштады да. Аталган шаарлардын мэрлерин жергиликтүү эл шайлайт да. Андай шайлоо учурунда “убактылуу катталгычтар” ал шаарларда да шайлоого таасир бериши мүмкүн да. Аларга баары бир да. Өздөрү ал шаарда жашабаган, “убактылуу конок” болгон соӊ, социалдык көйгөйлөргө баштарын деле оорутпайт, болгону жеке кызыкчылык менен кайсы бир адамдарга (кызматына акысын алып дегендей) курал болуп берип коёт. Ошондуктан мындай нерсени катуу көзөмөлгө алуу зарыл.

—“Өнүгүү” партиясы ушул жергиликтүү кеӊештердин шайлоосуна катышабы?

—Ооба, биздин партиядан чыккан талапкерлер 5 шаарда боло турган шаардык кеӊештерге жана айылдардагы жергиликтүү кеӊештерге катышып жатат. Кудай буйруса, жыйынтыгын ошол шайлоо күнү көрөбүз да.

—Силердин партияӊар парламенттик шайлоого карата башка партияларга кошулушу мүмкүнбү?

Шайлоо мыйзамдары 7 пайыздык босого менен боло турган болсо анда биз башка партияларга кошулбай, өзүбүз эле чыгабыз деген ойдо турабыз. Кудай буйруса, жергиликтүү кеӊештерде да жеӊиштерге жетип калсак, бул ишенимибиз бекемделет. Ал эми мыйзам өзгөрбөй 9 пайыздык босого болуп кала турган болсо, анда биригүү тууралуу ойлонуп көрүшүбүз мүмкүн. Себеби, 9 пайыздык босого деген оӊой эмес. Биздин партиядан депутат болушкан: Жолдошбаев, Жутанов, Икрамовдор келишпестиктен улам фракциядан чыгарылганына 2 жыл болду. Фракцияда азыр 10 депутат бар.

Акыркы убактарда “Өнүгүүнү” “Биримдикке” кошулат экен деген кептер айтылып жатат. Б ир сөз менен айтканда бул кептер чындыкка туура келбейт.

Булак: «Багыт.kg»

Назар Новости