Аида Исмаилова, ЖК депутаты: “Кытайдан келген келинден коронавирустун эч кандай белгилери аныкталган эмес”

Аида Исмаилова, ЖК депутаты: “Кытайдан келген келинден коронавирустун эч кандай белгилери аныкталган эмес”

— Аида Жекшенбаевна, кечээ Кытайдан келген кош бойлуу келинди жалпы палатага, башкалар менен чогуу жаткырып коюшкандары тууралуу маселе көтөрдүңүз эле. Анын натыйжасы кандай болду?

— Анын баары текшерилди. Ал келин Ухандан эмес, Кытайдын башка шаарынан келиптир. Кечээ мага жазуу түрүндө жооп беришти. Аны текшеришкенде коронавирустун эч кандай белгилери аныкталган эмес. Азыр №4 төрөт үйүндө, өзүнчө палатада сохранениеде жатат. Анткени, ал келин бир нече шаар аркылуу өтө узак жолду басып келген. Мындай узак сапар кош бойлуу келинге зыянын тийгизиши мүмкүн болчу.

— Саламаттык сактоо министрлиги “чек аралардагы өткөрүү пункттарына, аэропортторго мынча бөлмө, мынча койка даярдап койдук” деп отчет берип жатат. Бул канчалык туура?

— Мен кечээ тактадым, даярдык бар экен. “Манас” аэропортунун жанынан бир имаратты даярдашыптыр. Алгоритм түзүшүптүр. Ал боюнча кытай жараны болобу, же биздин өзүбүздүн жарандар болобу, Кыргызстанга киргенде кандай процедуралардан өтөрү бүт көрсөтүлүптүр. Чет жактан келгендер адегенде жалпы текшерилет экен. “Эгер кимдир бирөөдө симптомдор байкалса, алар кошумча текшерүүдөн өткөрүлүп, тийешелүү иш-чаралар жасалат” дешти. Айтор, даярдык бар эле экен. Эми Кудай сактасын! Өз тарабыбыздан биз да көзөмөлдөп турабыз.

Булак: «АЗИЯnews»

Назар Новости