2020-жылы парламенттик шайлоого төө куштун жумурткасы даярдалып жатат, тооктун жумурткасы майда болуп калат экен

2020-жылы парламенттик шайлоого төө куштун жумурткасы даярдалып жатат, тооктун жумурткасы майда болуп калат экен

2008-жылы 26-апрелде Каркыраны кайтарып алабыз деп Болот Шерниязов башында турган «Ата-Мекен» партиясы Түптө ОБОНчулардын жумуртка чабуулуна тушуккан.

2009-жылы 30-май түнү Түптө БЭКтин курултайын өткөзөбүз деп Текебаев, Отунбаева, Шерниязовдор Түп, Ак-Суу РИИБи тарабынан кармалып, жумуртка чабуулуна кабылган.

2014-жылы 26-сентябрында Өмүрбек Абдрахманов, Равшан Жээнбеков сыяктуу азыркы «ар-намысчылар» Ош шаарынан жумуртка чабуулуна кабылган.

2015-жылы 4-октябрда парламенттик шайлоо өтөт, мында да президенттин кеңешчиси Фарид Ниязов жумуртканы унуткан жок.

2020-жылы парламенттик шайлоого карата кимдир бирөөлөр төө куштун жумурткасын суратып жатат имиш. Себеби тооктун жумурткасы майда болуп калат экен.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Назар Новости