Кой-Таш окуясын иликтөө боюнча түзүлгөн коомдук комиссиянын төрагасы менен маек…
Кой-Таш окуясын иликтөө боюнча мамлекеттик комиссия түзүлгөн. 12-декабрда “Кой-Таш окуясына Алмазбек Атамбаев жана анын тарапташтары жооптуу” деген деген корутундусун Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында угузушкан. Мамкомиссия түзүлгөн тушта коомдук комиссия да түзүлгөн. Алар да жакында корутундусун чыгарып, 8-февралда өткөн Элдик Курултайга алып чыгышты. Коомдук комиссиянын бүтүмү мамлекеттик комиссиянын бүтүмүнөн өзгөчөлөнүп, тарыхта калмай болду. Кантип дейсизби? Саясатчы Азимбек Бекназаровдун 800 бетке жакын көлөмдүү “Мен – кыргызмын” аттуу китебине дал ушул коомдук комиссиянын корутундусу толугу менен киргизилди.
— Улукбек мырза, өткөн жылдын 7-8-августундагы Кой-Ташта болгон окуяны иликтөө боюнча мамлекеттик комиссия, ага удаа коомдук комиссия да түзүлгөн. Буга чейин мамкомиссиянын корутундусу чыккан. Жакында сиз жетектеген коомдук комиссиянын корутундусу чыкты. Бүтүмдө кандай өзгөчө учурлар камтылды?
— Ооба, коомдук комиссия ишин жыйынтыктап, акыркы бүтүмүбүздү чыгардык. Корутунду 24 беттен туруп, ага мүмкүнчүлүгүбүздүн жетишинче негизги жагдайларды камтыдык. Биз көбүнчө күч органдарынын кылган аракеттерине токтолдук. 7-8-августта Кой-Ташта Атамбаевди мажбурлап алып келүү аракеттери УКМК жана ИИМ тарабынан өтө начар деңгээлде жүргүзүлгөн. Анткени, ал жерде террористти же эктремистти эмес, сотко чакырылып, келбей жаткан Кыргызстандын бир жаранын кармап келүү аракети болчу. Ошол жөнөкөй ишти да аткара алышкан жок. Ал күнкү окуя биздин күч органдары, айрыкча УКМК, ИИМ масштабдуу реформаларга муктаж, жетекчилер алсыз экенин даана көргөздү. Бул уят. Кыргызстандын күч органдарынын алсыз экени кандай өкүнүчтүү!
— ИИМдин мурдагы орун басары Курсан Асанов “милициянын кызыкчылыгын сатты” деген кине менен айыпталган. Коомдук комиссия бул боюнча кандай аныктама чыгарды?
— Коомдук комиссиянын мамлекеттик комиссиядан айырмасы: мамкомиссия сырдуу маалыматтарды да ала алышат, а бизге беришпейт. Ошол себептен, биз 7-8 августта Кой-Таштагы окуяларга катышкан күбөлөрдөн гана маалыматтарды алдык. Ал эми УКМК, ИИМге керектүү маалыматтарды сурап, кат түрүндө кайрылганбыз. Тилекке каршы, “тергөө жүрүп жатат” деген жүйө менен аны берүүдөн баш тартышты. Отурумубузга ошол эле генерал Курсан Асановду да чакырдык. Ал келди, анын айткан-дегенинин баары видеого тартылып алынды. Коммиссиянын курамында 11 адам бар. Бирөөнүн кызыкчылыгы үчүн жан тартып иш кылган жокпуз. Бирок, экинчи тараптын да келүүсү, оюн, пикирин айтуусу маанилүү болчу. Кандай учурда “милициянын кызыкчылыгын сатты” делет? Бул суроону ИИМге берип, түшүндүрмөсүн алалы дегенбиз. Анткени, элге бул сөздүн төркүнү азырга чейин таптакыр түшүнүксүз болуп келет. Асанов Атамбаевди сүйлөшүү жолу менен бир да ок, бир да тамчы кан төкпөй, тополоңсуз алып чыкпаганда, ар кандай жагымсыз окуялар болуп кетиши ыктымал эле. Анын абал курч учурда жоопкерчиликти өз мойнуна алып, чечкиндүү кадам жасаганын окуяга катышкан катардагы кызматкерлер айтып берип жана бүтүндөй коомчулук баалады го? Ал эми аны кызматтан алып, иш козголгонуна эч ким түшүнбөй, аң-таң болуп жатышат. Убакыт баарын жай-жайына коёт. Бул боюнча да корутундунун соңунда сунуш-талап койгонбуз.
— Бийлик тараптан эч кандай маалыматтар берилбесе, отурумга күч органдарынан эч ким келбесе, коомдук комиссиянын корутундусу бир тараптуу болуп калган жокпу?
— Биз баарын чакырдык. Биринчи кезекте бийлик тарап кызыкдар болуш керек эле. Анын ордуна “коомдук комиссияда сырдуу маалыматтарга доступ жок, эмне жыйынтык чыгарышмак эле?” деген ойдо болушту. Бирок, бул эң туура эмес ой жүгүртүү. Коомдук көз караш дайыма биринчи орунга чыгат. Анткени, коом – бул эл.
— Эмне себептен 8-февралда өткөн Элдик Курултайда Кой-Таш окуясы боюнча коомдук комиссиянын корутундусун алып чыгууну чечтиңиздер?
— Элдик Курултайдын 18 кишиден турган аткаруу комитети бар. Өкмөт ал окуяны иликтөө боюнча мамкомиссия түзгөндө, “ага альтернативалык комиссия дагы түзүлсүн, жыйынтык бийлик тараптуу эле болуп калбасын. Коомчулуктун өкүлдөрү бир топко биригип, өз алдынча нейтралдуу иликтесин” деген сунуштарды эске алып, аткаруу комитети коомдук комиссия түздү. Мен аткаруу комитетинде төрага орун басарымын, “бул ишти жетектеп, аягына чейин алып бар” деп мага беришти. Элдик Курултай жылына бир жолу өтөт. Коомдук комиссиянын жыйынтыгын ошого алып чыгууну болжогонбуз.
— Коомдук комиссиянын курамына мүчөлөр кандай тартипте тандалып алынган?
— Коомдук комиссияга каалаган жарандар кирсе болот эле. Эч кандай чектөө, мыйзам да жок. “Коомдук комиссия түзүп атабыз, каалагандар мүчө болуп кирсеңер болот” деп ММКлар аркылуу жарыя кылганбыз. Өзгөчө Кой-Таш, Арашан айылдарынын тургундарын мүчөлүккө чакырып, кайрылдык. Өкүнүчтүүсү, биз барган учурда күнөөсү бары да, жогу да күч органдары тараптан басымга алынып жатышканын айтышты. Бир нерсе дегендин баарын эле баса калып, суракка алып жатышыптыр. Ошого карабай, Жаманкул Жунусов деген адвокат мырза биздин топко кошулду. Иштин аягына чейин биз менен болду.
— Коомдук комиссия ишин жыйынтыктады, акыркы бүтүмүн чыгарды. Эми аны эмне кыласыздар, кимге жибересиздер, күчү канчалык, ага бийлик көңүл бурабы?
— Элдик Курултайда жыйынтыктын баарын окуганга мүмкүнчүлүк болгон жок. Негизги учурларды гана белгиледик. Өкмөт башчыдан тартып, күч органдарынын жетекчилерине чейин ишине сын-пикирлерибизди айттык. Коомчулук сунуш гана айтып, талап коё алат. А бийлик ага кандай реакция кылат, элдин талабын угабы-укпайбы, өз иши. Бир нерсени белгилеп кетиш керек, мурунку бийликтердин арты жакшы эмес болуп кеткендеринин бирден-бир себеби коомчулукту укпагандыгынан, эл пикири менен эсептешпегендиктен, талаптарды аткарбагандыктан болгон. Эгер коомчулукту укпаса, коюп жаткан талаптарына көңүл бурбаса, өзүмбилемдик кылып, “эл да, сүйлөй берет” десе, анын арты жакшылыкка алып барбайт. Коомдук комиссиянын, демек, элдин талабы – Кой-Таштагы окуяга жана андан кийин өлкөдө түзүлгөн саясый кырдаалга мамлекет башчысы катары Сооронбай Жээнбеков баа бериши керек.
— Корутунду Бекназаровдун “Мен – кыргызмын” деген китебине кандайча камтылып калды?
— Коомдук комиссия иш алып барып жаткан учурда Азимбек Анаркулович китеп жазып жатканын, акыркы жыйынтыктагы урунттуу учурларын хронология катары киргизип коюуну, ал тарых болуп каларын айтты. Комиссиянын корутундусу чыгып, “окуп чыгыңыз, ылайык жерин киргизип коюңуз” деп ага да бердик. Китеп чыккандан кийин карасак, корутундуну баштан-аяк китебинин соңуна камтыптыр. Ал киши “ортосунан үзүп-жулганда мааниси өзгөрүп кетет экен, окуган кишиге түшүнүктүү болсун үчүн баарын киргиздик” деди. Рахмат айттык. Кантсе да бул тарых болуп калды.
Динар Турдугулова
Булак: «АЗИЯnews»