Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Ош облустарынын жана Ош шаарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо 2020-жылдын 12-апрелине белгиленди. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.
Шайлоо төмөндөгү жергиликтүү кеңештерге белгиленди:
— Баткен облусунун Лейлек районунун Бешкент, Маргун айылдык кеңештерине;
— Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Көк-Ирим, Атай айылдык кеңештерине, Аксы районунун Авлетим айылдык кеңешине, Майлуу-Суу шаардык кеңешине;
— Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов, Коңорчок, Жерге-Тал айылдык кеңештерине, Жумгал районунун Куйручук, Түгөл-Сай, Таш-Дөбө, Чоң-Дөбө, Кызыл-Жылдыз айылдык кеңештерине;
— Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Оргочор айылдык кеңешине, Ысык-Көл районунун Кум-Бел айылдык кеңешине, Балыкчы, Каракол шаардык кеңештерине;
— Чүй облусунун Аламүдүн районунун Арашан айылдык кеңешине, Ысык-Ата районунун Милянфан айылдык кеңешине, Токмок шаардык кеңешине;
— Ош облусунун Алай районунун Будалык, Коңур-Дөбө айылдык кеңештерине, Араван районунун Нурабад, Тепе-Коргон айылдык кеңештерине, Ноокат районунун Көк-Бел айылдык кеңешине, Кара-Суу районунун Сары-Колот айылдык кеңешине, Өзгөн районунун Алтын-Булак, Мырза-Аке айылдык кеңештерине;
— Ош шаардык кеңешине.
Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Булак: NazarNews.kg