“Кыргызленд” экспортерлор жана импортерлор кыргыз ассоциациясынын төрайымы менен маек…
— Экономикабызда экспорт, импорт боюнча кандай жаңылыктар бар? Кеп багытын ошол жакка бурсак…
— Экспорт, импорт жөнүндө кеп кыла турган болсок, бизде импорт жетиштүү экени маалым. Биздин рынок соода өнөктөштүгү мүчө болгон өлкөлөр үчүн кенен ачылган. Экспорт боюнча дале өнүгүп кете албай турабыз. Өлкөбүздүн потенциалы, экономиканын бирден-бир көрсөткүчү болуп экспорт саналат. Кыргызстан бүгүнкү күндө жеңил өнөр жай боюнча, анын ичинде кийим тигүү боюнча атайын түзүлгөн ассоциациясы менен, Кыргызстандын кийимдер бренди менен жакынкы өлкөлөргө, анын ичинде Орусияда жакшы эле таанылган. Бирок, дагы өркүндөп кетүүсүнө бир топ тоскоолдуктар бар.
— Агрардык абалыбыздын ордучу?
— Бүгүнкү күндө негизги маселе агрардык маселе болуп жатат. Агрардык маселе боюнча экспортко чыгууга мүмкүнчүлүгүбүз да абдан кеңири. Ошондуктан мунун үстүндө баарыбыз жапатырмак иштешибиз керек. Мамлекет деген бир бүтүндүк, жалпы элдики. Экспортко чыгуу боюнча жогортон төмөн карай, төмөнтөн жогору карай баардык жарандар аракет кылышыбыз керек. Агросектор боюнча ар бир дубан өзүнө тийешелүү айыл чарба азыктарын сапаттуу өстүрүүнү колго алуусу зарыл. Сырткы рынок бизден үч нерсени талап кылат: сапат, көлөм анан баа саясатын сурайт. ЕАЭБге кирүү менен Кыргызстан чоң кадам таштаганбыз. Биздин дыйкандар үчүн миллиондогон кардары бар рыноктун эшиги ачык. Рынокту багындыруу жагы өзүбүздүн аракетибизге байланыштуу. Экспорт – экономиканын негизги баскычтарынын бири. Кыргызстандын түндүк-түштүгүн түрө кыдырып, фермерлер менен, жер менен жакындан таанышып жүрөм. Бүгүнкү күндө табигый, таза азыктардын мекени боло турган өлкөбүздүн мүмкүнчүлүгүн өз колубуз менен кыркып, жок кылып жатабыз. Бул жерге болгон туура эмес мамиледен улам болууда. Фермерлер экономикалык жактан кудуретсиз болуп, чыгашада отурушат. Ар бир өзүн сыйлаган мамлекет ички потенциалын, өзүнүн өндүрүшчүлөрүн коргойт. Бизде болсо өндүрүшчүлөрдүн кайсы бөлүгүн караба, мамлекеттик колдоого муктаж болуп, аксап тургандары кейиштүү.
Жамиля Нурманбетова