Кыргызстандын ЖКсынын депутаты Автандил Кулбараков, Орусия Мамдумасынын депутаты Владимир Жириновский, Өзбекстандын Олий мажлисинин депутаты Ахмаджон Гофуров, Казакстан мажилисинин депутаты Нурлан Нигматулин болуп учак менен Нью-Йоркко баратышат. Аңгыча учак ылдый кулай баштайт.
Өзбек: “Ашхаду ан ля иляха илля Ллаху, ва ашхаду анна Мухаммадан расулю Ллах”-деп кыйкырып учактан секирет. Казак: “Отаным Казакстан!”-деп кыйкырып учактан секирет. Кыргызстандын ЖКсынын депутаты Автандил Кулбараков Орусия Мамдумасынын депутаты Жириновскийди желкесинен кармап эшиктен ыргытып: «Ысык-Көл биздики» -деп коет имиш.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg