Ж.Баласагын атындагы КУУнун окутуучусу, филология илимдеринин кандидаты менен маек.
— Сөздү өткөндө сенин макалаңда кеп болгон Луи Арагондон баштасак. Себеби, ал Айтматовдун чыгармаларынын “багын” ачкандардын бири эмеспи. Ушул кезге чейин ар кандай пикирлер айтылып жүрөт: “Айтматов жөнүндө Арагонго Ауэзов айткан” дегендер бар, “Эльза Триоле сунуш кылган” деп да жүрүшөт. Бул дагы эле башы ачылбаган маселе бойдон турат, деги булардын кайсынысы туура?
— Эми Суке, кандай пикир, кандай аргумент болбосун фактыга таянбаса, ал жөн эле суу кечпеген жел сөз болот. Ооба, ушундай кайчы пикирлер айтылып жүрөт, бирок мунун баары божомол. Бул пикирлердин далили, эч кандай негизи жок. Илимде ар кандай гипотезалар бар. Андай гипотеза жыйналган факты материалдарды изилдеп, бир жыйынтыкка келгенден кийинки аргументтин негизинде айтылат. Арагонго “Жамийланы” Ауэзов же Триоле сунуш кылганы жөнүндө илинчек факты материал, же болбосо бир архивдик документ болсо, анан сөз кылса жарашат, андай жок болгондон кийин куру сөздөн эч нерсе чыкпайт да. Ушундан улам 60-жылдары илимдер академиясында болгон бир окуя эске түшүп жатат. Бир илимий иш талкууланып жатса, Ж.Таштемиров “окубасам деле оюмду айтып коёюн” деп сөздү жыра тартып, талкууга аралашкысы келиптир. Жыйынды алып барып жаткан академик Болот Юнусалиев “окубай туруп кантип пикир айтмак элең?” деп ачуусу келген турбайбы. Чынында эле окубаса, материалды иликтеп, талдап, салыштырып тыянак чыгарбаса, кандай пикир айтышы мүмкүн? Ушунун өзүнөн илимге эки башка мамиле айкын көрүнүп жатпайбы: бири ат үстүнөн жүрнары мамиле, экинчиси принципиалдуу мамиле. Азыр ат үстүнөн жүрнары мамиленин арааны жүрүп турган кези.
— Эмне үчүн?
— Анткени колунда “илим кандидаты”, “илим доктору” деген диплому бар дилетанттар көбөйүп кетти. Кыргыз тили, адабияты, аны окутуунун методикасы боюнча 500 чамасында илимий даражага ээ болгон адистер бар экен. Ал эми тил, адабият, методика боюнча илимдер качан эле эмпирикалык деңгээлге түшүп кеткен, мамлекеттик тил болсо “өгүз өлбөсүн, араба сынбасын” дегендей абалда. Тилдин, адабияттын, методиканын проблемаларын талкуулаган эч ким жок. Ал эми проблема чачтан көп. Ачыгын айтканда, илимдин кандидаттары менен докторлорунун деңгээли өтө төмөн. Проблема талкуулаганды мындай коюңуз, китепке рецензия жазганга жарабаган, илимге ашка жүк, башка жүк, илимди бузган “чала молдолор” көбөйдү. Илимий даража алгандардын саны көбөйгөнү менен илимде сапаттык жактан жылыш болбой, өнүкпөй жатпайбы. Мисалы, тилчи Турусбек Маразыковдун диссертациясы ОшМУга талкууга жөнөтүлгөн, ал өзү барган жок, ишин берип жиберди, диссертант жок кандай талкуу болот? Бирок, болуп эле протоколун алып келип беришкен. Бул көрүнүш илимге карата ат үстүнөн мамиленин кашкайган үлгүсү да. Нукура илим жараткан окумуштуулар сейрек, ал эми кара жанын карч уруп, түн уйкусунан безип, бир маселени ийне-жибине чейин териштирип изилдөө, аныгына жетүү дилетанттардын түшүнө да кирбейт, үстүртөн карап, андан-мындан көчүрүп, чампалап китеп чыгаруу алар үчүн көнүмүш иш. Турусбек Маразыковго окшогон халтурщиктер илимдин кадырын кетирип, илимий дипломдун девальвацияланышына алып келүүдө.
— Ооба, аның туура дечи, эми сөздү Арагонго бурсак?
— Арагон бир кезде сюрреалист болсо, кийин көз карашын өзгөртүп, коммунисттик партиянын катарына өтүп, социализмдин жактоочусу болгон. 30-жылдан тартып СССРге көп каттаган жазуучулардын тобуна кошулуп, Уралга барып, индустриялык курулуштарды өз көзү менен көрүп, болуп жаткан өзгөрүүлөргө күбө болгон. Жазуучулардын 1-съездине катышкан, 1935-жылы “За социалистический реализм” деген китебин жазып, өзүнүн идеялык каталыктарын мойнуна алып, жаңы ишенимге ээ болгонун айтып чыккан. Кийин коммунисттик режимден иренжип, көңүлү калганы башка сөз (караңыз: Г.Б.Рабинович “Маяковский во французской литературе и литературно-художественной критике “ М.,1984.с.160).
— Адабиятчы-усулчу Абдыкерим Муратов “Арагон профессионал котормочу болгон эмес” деп жазды го…
— Муратовдун бул пикири жанагы “окубасам деле оюмду айтып коёюн” дегендей эле сөз. 1933-жылы “Интернациональная литература” журналына В.Маяковскийдин “Үнүмдүн жетишинче” поэмасы француз тилинде жарык көргөн. Чыгарманы Л.Арагон менен Э.Триоле которгон. Л.Арагон поэмага жазган баш сөзүндө “Мен биз окуп, үйрөнө турган акынды которуп жатам” деп француз калемдештерине кайрылган. Демек, ал ошол мезгилден тартып совет адабияты менен таанышып, күйөрманына айланган. Пушкинди которгон, орус поэзиясынын антологиясын түзгөн, коммунист катары советтер союзундагы адабий жаңылыктар менен үзбөй таанышып турган, себеби ал орусча текст окуй билген. Көп жылдык эмгегинин натыйжасында “Совет адабияты” деген китеп жазып, аны 1955-жылы Францияда чыгарган. Парижде орус акындарынын кечелерин уюштурган, совет адабиятын пропагандалоого көп эмгек сиңирген. “Ал “Озаны” француз тилине которгонго Эльзага жардам берген” (А.Вознесенский “Ров”, М.,1987,с.481) деп жазуу менен Андрей Вознесенский Арагондун котормочулук ишмердүүлүгүн, орус адабияты үчүн кылган кызматын жогору баалап, ага ыраазы болуу менен эскерип жатпайбы аны. Ушундай ишмердүүлүгүнөн кийин Л.Арагондун котормочулугунан шек саноонун, же “Эльза Триоле которгон болуш керек, экөөлөп которгон болуш керек” деген жоромолго эч кандай негиз жок. Журналисттердин “Жамийланы” Арагонго ким сунуш кылган?” деген суроосуна Ч.Айтматов “Новый мирге” чыкканынын өзү эле жетиштүү эмеспи” деп жооп берген. Жообуна караганда, Ч.Айтматовдун повесть кандайча которулганы жөнүндө кабары болгон. М.Ауэзовдун “Ак жолуң ачылсын” (“ЛГ”, 23.10.1958) деп батасын берген макаласы менен “Махабат жөнүндө дүйнөдөгү эң сонун баян” үндөшүп турарын айткан Л.Строиловдун пикири чындыкка жакын. Анткени Ауэзов менен Арагондун макаласынын ортосунда жакындыктар, жалпылыктар бар.
— Дагы кандай бурмалоолорго туш болдуң?
— Радиодон, теледен “Алыкулдун 30 эле мыкты ыры бар экен, калганы начар ырлар” деген пикирди айрым акын-жазуучулар “ачылыш” катары айтып жүрүшөт. Бул да кызылдай эле калп. Каратып туруп бурмалоо. Кезинде Салижан Жигитов: “Азыркы учурда кыргыз адабиятынын заман сыноосунан өткөн идеялык-көркөмдүк күчүн өксүтпөгөн чыгармаларын “Кыргызча өрнөктүү тексттер” деген серия менен чыгаруу зарылчылыгы бар. Кыргыз адабиятында өрнөктүү тексттер анча деле көп эмес. Маселен, мен критерийлер планкасын дүйнөлүк поэзиянын бийигине көтөрүү менен кыргыз адабий лирикасынын антологиясын кураштырып көрсөм, Касым Тыныстановдон эки, Жоомарт Бөкөнбаевден алты, Аалы Токомбаевден он чакты эскирбеген ыр таптым. Алыкул Осмонов менен Турар Кожомбердиев экөөндө гана 30 чамалуудан мыкты ыр бар экен” (“КМ”, 28.05.2002) деп жазган. Эми ушуну бурмалап, “Алыкулдун ырларынын баары жакшы эмес” же “Алыкулдун 30 эле ыры бар экен, меники 100дөн ашып кетти” деп көкүрөгүн кагып жүргөндөр да бар. “Чымчык өзүн куш ойлойт, чырпык өзүн тал ойлойт” дегендей эле кеп да. Алыкулга сынтаккандар Жигитовдун сөзүнө толук маани беришкен эмес, болбосо ал жерде дүйнөлүк деңгээлдеги талап жөнүндө, дагы тагыраак айтсак, Шекспир, Гете, Байрон, Пушкинге теңтайлашкан ырлар тууралуу болуп жатат. Андай ырларды Алыкул жараткан, себеби ага ошондой шарт-жагдай түзүлгөн, анын оор тагдыры, ошол тагдырды нукура поэзияга айланткан күчтүү эрк, ыйманына камчы чаппаган чынчылдыгы менен ал окурманга сырын төккөн, ошонун аркасы менен ал көркөм ойломду, поэтикалык образдын эстетикасын жаңылаган, ырлары чулу ойлорго каныккан. А.Осмонов кыргыз поэзиясына философиялык терең мазмунду алып келген. Алыкул адамдарды сүйгөн, замандаштарына мээримин төгүп, аларга ылымсанап, карапайым адамдардын колориттүү образдарын жаратып жатпайбы. Ошол себептен Алыкулдун ырлары дүйнөлүк деңгээлдеги дөөлөттөр менен тең катар турган, терең гуманизмге каныккан нукура дөөлөттөр. Бүт дүйнө Шекспирди, Байронду, Гетени, Пушкинди кандай тамшанып окуса, Алыкулду да ошондой тамшанып окуйт. Салижан Жигитов андан кийин “эстетикалык планканы бийик коюп, бүт акындардын ырларынан тандадым. Эң көп ыр Алыкул менен Турардан табылды. Калгандарынан чукусаң да чыкпайт” (“Агым”, 13.01.2004) деп жазган. Ушуну менен ал Алыкул кыргыз поэзиясынын туу чокусу экенин мойнуна алып жатпайбы.
— Алыкулга асылган сыңар өтүгү майрык сынчылар кимдер экен?
— Радиодон Нуралы Капаров, Зайырбек Ажыматов, Олжобай Шакир, теледен Нурлан Калыбеков ушундай пикирлерин айтышкан. Эми бул алардын субъективдүү пикири деңизчи, ошентсе да аталган маселе боюнча алар менен кайсы жерде болбосун полемикага даярмын.
— Мунуң жакшы экен. Эми тактап ала турган дагы бир маселе бар. Каныбек Иманалиев, Талантаалы Бакчиевдер “залкар манасчы Саякбай согуш мезгилинде майданга барып, Манас айтып, немистер ошон үчүн жеңилип калган. Саякбай гений” дегендей жазып жүрүшөт. Буга эмне дейсиң?
— Ооба, алардын жазгандарын окуп жүрөбүз. Бакчиев го арбактар боюнча чоң адис, ал кандай жазса жарашат… Сен күлбө, мен муну баардык жоопкерчиликти моюнга алып айтып жатам. Арбактарды классификациялап жүргөн кишиге даба жок да. Эми ал биротоло жин-шайтандар боюнча да адистешип, ошолорду да классификациялап койсо жакшы болмок. Каныбек Иманалиев саясатчы болуп кетти, адабиятты, илимди кошо алып кеткенге аракет кылып жатат, бирок майнап чыгарышы кыйын го…
Саякбай Каралаев тарыхый инсан. Аны ар кандай легендага, мифке айландыруу жарабаган иш. Согуш мезгилинде концерттик бригадалар майдан талаасына барып концерт берген, кимдер, качан барганы жөнүндө так маалыматтар архивде сакталып турат. “Сакең 1941-жылы Москванын алдындагы кандуу кармашка барып, Манас айткан” деп жазышпадыбы, бул чындыкка дал келбейт. Себеби, концерттик бригадалар 1942-жылдан баштап түзүлө баштаган. Курамына М.Баетов, А.Боталиев, М.Өмүрканова, С.Кийизбаева, А.Огонбаев, А.Үсөнбаевдер кирген 7 концерттик жана театралдык бригада болгон. Каралаев Манас айткан болсо, анын ысымы биринчилерден болуп аталмак. “Каралаев майданда Манас айткан эмес” дегенден эч нерсе өзгөрбөйт, анткени анын өзүнүн татыктуу орду бар. Каралаев эч кандай мактоого, кошумча эпитеттерге муктаж эмес. Эң негизгиси, анын тегерегинде ар кандай мифтерди чыгарып, “илгеркинин алпы көп, алпынан да калпы көп” демекчи, көбүртүп-жабыртуунун зарылдыгы жок.
— Анатай Өмүркановдун “Атамбаев менен коштошуу” деген ырын Дүйшеев бурмалаганбы?
— Атамбаев бийликте турганда акын Анатай Өмүрканов катуу сындап, сөөгүнөн өтүп, чучугуна жете тургандай кылып жазган ырын азыр да окурмандар колдон түшүрбөй окуп, интернеттен издеп жүрүшөт. Себеби, ал ырда ачуу чындык айтылган. Ошол ыр чыкканда Шайлообек Дүйшеев Өмүркановго акыл айтып, асылып, бурмалап, жанын жеп жалган айтып, “падышаны сындабаш керек” деген жаңы эреже ойлоп таап, арбагы ыйык Токтогул ырчы, Санчы сынчы, Калыгулдан бери келаткан акындардын нускалуу салтын бузуп, чыркырап чындыкты айткан ырды жокко чыгарганга жанталашпады беле?.. Ошентип бийликке беш бүктөлүп кошомат кылган Дүйшеев Атамбаевдин тизгини колунан түшүп, башына күн түшүп, ай баткандай болуп турганда тили катып калган булбулдай болуп үнү чыкпай, бир ооз сөз айтканга жарабай жатат. Атамбаев бийликте турганда көкөлөтүп, чаң жугузбай, жерге-сууга батырбай мактап, эми болсо тааныбаган, көрбөгөн, билбеген кишидей болуп жатканына таңкалат экенсиң. Мурдагы Атамбаев азыр деле ошол Атамбаев да. Же Дүйшеев үчүн ал “агындыга” айланып кеттиби? Же мурда мактап-жактап, “күн тийген жердин чоросу” болуп жүргөн Дүйшеев азыр башка Дүйшеев болуп калдыбы? Же “темене берип, төө алып” көнгөн Дүйшеев “дагы кимди мактасам, кимдин ырын ырдасам?” деп камданып жатабы? Иши кылып суроолор көп.
Бул эми азыркы кыргыз коомунда адатка айланып бараткан жаман көрүнүштөрдүн бири. Эми мындай сөздүн кутун учуруп, кунун кетирген жоболоңдуу жоруктар кош стандарттуулуктун айынан, принциптин жоктугунан, ички ыймандык императивдердин кыйраганынан улам дагы деле улана берет окшойт… Ал эми илимдин бетине чиркөө болгон халтура китептер, окумуштуулук кесиптин баркын кетирген дилетантизм маселесине дагы өзүнчө кайрылабыз.
Сурат Жылкычиев
Булак: «АЗИЯnews»