Видео -үйүн конфискациялоого каршы чыккан киши өзүн өрттөп салды

Анжиян облусунда 31 жаштагы жергиликтүү тургун үйүн конфискациялоого келген Мажбурлап аткартуу бюросунун кызматкерлеринин көзүнчө өзүнө өрт койду.

Күбөлөрдүн айтымында, денесинин 50% күйүп калган Хушнуд Гойибназаров райондук оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды.

– Хушнуд өзүнө бензин чачып, ширенке күйүзгөн. Ал болжол менен алты мүнөттөй күйдү. Жалындын бийиктиги 1,5 метрге жетти. Мажбурлап аткартуу бюросунун кызматкерлери кызматтык унаага отуруп, кетип калышты. Андан соң кошуналар чыгып, өрттү өчүрүштү. Аны райондук ооруканага алып бардык. Абалы өтө оор, – деди жабырлануучунун кошунасы.

Маалыматтарга караганда, Хушнуд Гойибназаров жашап турган үй 2013-жылы күрөөгө коюлуп, башка бирөөгө өтүп кеткен.

Анжиян облустук Мажбурлап аткартуу бюросу бул окуяны иликтеп жатканын, кененирээк маалымат кийинчерээк берилерин билдирди.

Өзбекстанда кыймылсыз мүлкүн коргоо үчүн жарандар өзүнө өрт койгон учурлар көп катталууда.

https://www.youtube.com/watch?v=player/0/30393790.html?type=video

Назар Новости