Кыкеңдин кыйыны, океңдин оюунда! Кыргыз — Кытай чек арасын бир тараптуу жапкан кыргыз өкмөтүн орустар сөз кылууда

Телеграмдагы “Жёлтая Россия” каналында, кыргыз өкмөтү Кытай менен чектешкен чек араны жапканы тууралуу талкуу болууда. Анда орусиялыктар расмий бийлигин катуу сынга алышканы байкалат.

Айтылгандарды эске алсак, жергиликтүүлөр орус бийлиги Кытай менен чектешкен чек арасын жаппай жатканына нааразы. Ал тургай тынчсызданып, коркунучтуу эпидемиядан кооптонгондору четтен чыгат.

Анткен менен Путиндин бийлигин жактагандар деле жок эмес. Айтымдарында, эгер Орусия чек арасын жапса, башка демократиялык өлкөлөр орустар үчүн эшигин жабышы мүмкүн. Андыктан дүйнө эсептешип турган, башкаларга таасири бар, “Кеңпейил Орусиялык” болгонуна төш каккандар дагы табылат.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости