ВИДЕО – Репер чиновник! Губернатордун студенттерге арналган кыска клиби чыкты

ВИДЕО – Репер чиновник! Губернатордун студенттерге арналган кыска клиби чыкты

Орусиянын Забайкал крайынын башчысы Александр Осипов, студенттерди куттуктап ырдаган клиби чыкты. Видеону басма сөз кызматы Бүгүн 25-январда, Фейсбук баракчада бөлүштү.

Анда ырдын сөзү обону Осиповдун өзүнө таандык экени айтылат. Мазмунунда акылдуу, ак көңүл, намыскөй жана бактылуу жаштарды куттуктоо берилген.

Белгилей кетсек, Орусияда Ыйык Татьяна студенттердин пири болуп эсептелет. Ар жылы январь айынын 25де орустар Татьяна күнүн (студенттер күнү) белгилеп келишет.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости