ВИДЕО — Токтобек Асаналиевдин 20 жаштагы уулу каза тапты

ВИДЕО - Токтобек Асаналиевдин 20 жаштагы уулу каза тапты

Кыргыз элине белгилүү Токтобек Асаналиевдин 20 жаштагы уулу каза тапты. Бул тууралуу Улан Үсөйүн Фейсбук баракчасына жазып чыкты.

“Артың кайрылуу болсун Канат! Эки күн мурун көчөдөн көрүшүп, жылмайып келип учурашып, күлүп жайнап кеттиң эле. Бүгүн мынтип суук кабар угуп олтурам.

20 га жаңы толсоң да, Талантыңа таң берип, комузда кол ойнотконуңду көрүп, тубаса келген өнөрүңө Жаратканга ыраазы болуп, көп ийгиликтерди күтчү элем. Ошол Канат, ошол талант эми арабызда жок, Кош Бол Канат! Токтобек Асаналиев ага, терең кайгыруу менен көңүл айтам. Билем, сизде да, бизде да бүгүн аалам уйгу-туйгу, дүйнө асты-үстү болуп жатат, кыла турчу аргабыз жок, бир гана бейишин тилейли! –деп жазып калтырган Улан Үсөйүн.

Эске сала кетсек, Токтобек Асаналиевдин уулу, улуу Токтогул акындын күүлөрүн тырмактай кезинде кол ойнотуп, элдин сыймыгына ээ болгон. Маркумдун жаткан жери жайлуу топурагы торко болсун.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости