ВИДЕО – Шермендечиликпи же аргасыздыкпы?! Орусияда баласын саткан Кыргызстандык кыз кармалды

ВИДЕО – Шермендечиликпи же аргасыздыкпы?! Орусияда баласын саткан Кыргызстандык кыз кармалды

Бүгүн, 30-ноябрда, Телеграм каналдардын бирине, 22 жаштагы Кыргызстандык кыз жаңы төрөлгөн баласын сатып жибергени тууралуу маалымат пайда болду.

Анда айтылгандай төрөгөн эне акчага абдан зарыл болсо, сатып алган тарап балага абдан зарыл болгон. Мындан улам алардын ортосунда соодалашуу жүрүп, бала 150 миң орус акчасына бааланган.

Жабылуу аяк, ушул боюнча жабылып калат беле ким билсин. Баланы төрөгөн кыз 3 айдан кийин уулун кайтарып берүүнү талап кылганы айтылат. Ал тургай полицияга арыз жазган.

Учурда эне тергөө абагына киргизилип, сатып алуучуларга каршы кылмыш иш ачылган.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости