ВИДЕО — Парламентте маараган эле үндөр чыгат, депутаттар аман болсо экен

ВИДЕО - Парламентте маараган эле үндөр чыгат, депутаттар аман болсо экен

Жогорку Кеңештин жыйыны, бирок андагы эл өкүлдөр өздөрүнө окшобойт. Депутаттардын башынын ордуна маараган кой, эчкилердин баштары коюлуп, шөкөттөлгөн.

“Чындык” деп аталган мына ушул видео, кечээ, 1-ноябрда “Mazi Zapai” аттуу Фейсбук колдонуучунун баракчасында пайда болгон. Бул соцтармакта олтурган коомчулукка майдай эле жагып, боорлорун тытып жаткан учуру. Мааниси, депутат Кожобек Рыспаев, “Кутман таң! Жакында койлорду шайлайбыз — дейт”, -деп айткан сөзүнөн улам алынган.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости