ШОК ВИДЕО – Автоунааны саатына 130 км ылдамдыкта айдаган балакай

ШОК ВИДЕО – Автоунааны саатына 130 км ылдамдыкта айдаган балакай

Даңгыр жолдо автоунаа сызып бара жатат. Көрсөткүч саатына 130 километрди көргөзүүдө. Салондо болсо азиат музыкасы жаңырууда. Ал эми башкаруу механизминде кичинекей балакай.

Мына ушундай жүрөктүн үшүн алган видеону ал баланын энеси өзүнүн социалдык баракчаларынын биринде бөлүшкөн. Маалыматтарга караганда бала 6 жашта. Ал эми кокустуктан коркпой, тобокелчиликке батынган анын апасы Татарстандык көп балалуу энелердин бири. Ал буга чейин дагы кичинекей ымыркайын колуна кармап, катуу ылдамдыкта унааны башкарып бара жаткан видеосун чыгарган. Бирок ал үчүн айып пул төлөгөнү айтылууда.

Анткен менен бул ирет аны эч жерге чакырбаганын ал айым жергиликтүү радиолордун бирине берген маегинде билдирген. Ошондой эле 6 жашар уулуна катуу ылдамдыктагы унааны башкартуудан чочулабай турганын дагы айткан. Келтирген жүйөсүнө караганда уулу төрт жашынан тарта рульда олтуруп келет.

Бул айымдын кызыгы ушуну менен эле бүтпөйт. Ал дагы бир кадрда уулдарынын бирин атайын мишенге айнек идиштерди түз ыргытууга үйрөтүп жатканын дагы көрүүгө болот. Мындай кылыктары менен ал айым балдары чыныгы “эркек” болуп чоңойоруна ишенет. Анткен менен кийин чыныгы “бандит” болуп кетиши деле турган иш. Андыктан өз башына “балээ” болбосо эле болгону.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости