ВИДЕО – Паракорго эскертүү! Чиновниктер абактагы жошоо менен тааныштырылууда

ВИДЕО – Паракорго эскертүү! Чиновниктер абактагы жошоо менен тааныштырылууда

Мурдуларына маска таккан адамдардын тобу тергөө абагында сейилдеп чыгышты. Айтылгандарга караганда, 2020-жылдын башынан тарта Казакстандын корупцияга каршы кызматы, мамлекеттик кызматкерлерди абактагы жашоо шарт менен тааныштырууну баштаган.

Маалыматтарда, буга чейин Шымкент облусундагы бала бакча, мектеп жетекчилери тергөө абагына кирип чыкканы айтылат. Ал эми бул ирет аталган райондун акими жана анын орун басарлары баш болгон бир катар райондук жетекчилерди атайын автобуста алып келишти. Аларга айрыкча камера ичиндеги даараткана жакпай калды.

Бирок, чиновниктер экскурсияда байкаган, көргөндөрүн микрафон сунган журналисттерге айтуудан карманып, жүздөрүн жашырууга аракет көрүштү. Анткен менен антикоррупция кызматы, бул мамлекеттик 60 кызматкер үчүн жүрүш пайдалуу болгонун билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости