ВИДЕО — Операция жасалган ак илбирстин абалы жакшырууда

ВИДЕО - Операция жасалган ак илбирстин абалы жакшырууда

Таласта табылган жаралуу ак илбирстин абалы операциядан кийин жакшырууда. Бул тууралуу «Бугу-Эне» коомдук фондунун жетекчиси Салтанат Сеитова билдирди.

— Адамдардын көбү телефон чалып, жардамдарын сунуштап жатканы кубандырууда. Кимдир бирөө эт сунуштаса, башкалары акча которуп, айрымдары алып келип беришүүдө. Экотехинспекциянын кызматкерлери өздөрү материалдык жардам чогултуп, таштап кетишти. Алардан ыраазычылык сөздөрдү угуу өтө жагымдуу болду. Азыр ак илбирстин абалы жакшырууда. Көп уктап, эт жеп, суу ичүүдө, — деди Сеитова.

https://www.youtube.com/watch?v=player/0/30395525.html?type=video

10-январда Кыргыз мамлекеттик агрардык университетинин ветеринардык клиникасында ак илбирске операция жасалып, анын башына тийген 70тен ашык бытыранын 18 калдыгы алынган. Анын абалы жакшыргандан кийин экинчи операция жасалат.

Учурда ак илбирсти аткандар изделүүдө. Сейрек кездешкен жаныбарды Таластагы Көк-Ой айылынан жергиликтүү тургундары таап, кийин Бишкекке жөнөтүлгөн.

Ак илбирс Кызыл китепке кирген жана өзгөчө коргоого алынган. Расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда 324 ак илбирс бар. Ага зыян тийгизгендерге 1,5 миллион сомдук айыппул каралган.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Назар Новости