ВИДЕО – Ойноштук кылып күйөөсүнө кармалган аял автоматтан ок чыгарды

ВИДЕО – Ойноштук кылып күйөөсүнө кармалган аял автоматтан ок чыгарды

Көп кабаттуу үйлөрдүн биринде капыстан ок атылып, эки адам алышып жатканын көрүүгө болот. Бул окуя кечээ, 21-ноябрдын кечинде, аскер шаарчаларынын биринде катталганы тууралуу жергиликтүү Телеграм-каналдардын биринде айтылат. Бирок кайда жана кайсы шаарча экени белгисиз.

Айтылгандарга караганда, ок чыгарган адам ошол белгисиз аскердик бөлүктүн командиринин аялы. Болжол менен ал күйөөсүнүн көзүнө чөп салып жаткан учурда кармалып калган.

Бул окуянын катышуучулары эмне болгону дагы белгисиз. Бирок, аны учурда аскер прокуратурасы иликтеп жатканы айтылууда.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости