ВИДЕО – Мына сага! Куралчан окуучу бала акча алмаштыруучу жайды карактап кетти

ВИДЕО – Мына сага! Куралчан окуучу бала акча алмаштыруучу жайды карактап кетти

Бетин чүмкөгөн адам сырттан кирип келип пистолеттен ок чыгарып, бет маңдайдагы айнекти аткылап кирди. Ошондон кийин кассада олтурган адам ага бир нерсе бергендей болду.

Бул тууралуу айтылган маалыматтарга таянсак, окуя кечээ, 18-ноябрда Орусиянын Питер шаарында катталган. Айтылгандарга караганда каракчы сегизинчи класстын окуучусу болгон. Анын мында карактаган акчасы болгону 3 миң орус акчасы экени айтылат. Анткен менен эми ал кылган кылыгы үчүн кыйла оор жаза тартары бышык.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости