ВИДЕО – Кудайлаган МАИ кызматкери айдоочудан качып кутулуптур

ВИДЕО – Кудайлаган МАИ кызматкери айдоочудан качып кутулуптур

МАИ кызматкеринин формасын кийген адам алдыда жеткирбей чуркап бара жатат. Кубалап алган адам аны видеого тартып, ошол эле маалда айтып да баратканына караганда, жол коопсуздугун караган бул кызматкердин өзү жол тартибин бузган.

Мына ушундай маанайдагы видео кайда, качан тартылганы белгисиз. Бирок Мирбек Уметалиев аттуу Фейсбук колдонуучу тасманы бүгүн, 20-ноябрда баракчасында бөлүштү.

Тасма тууралуу ой бөлүшкөндөр анча деле көп эмес. Ошондой болсо дагы алардын бири, МАИ кызматкеринин физикалык даярдыгы күчтүү экенин белгилесе, дагы бири МАИ кызматкерлерин айдоочулар видеого тартып, интернетке чыгара берип коркутуп алышканын эскертет.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости