ВИДЕО — “Коррупцияга каршы митинг”. Өлкөдө жалгыз коррупционер Матраимовбу?

ВИДЕО - “Коррупцияга каршы митинг”. Өлкөдө жалгыз коррупционер Матраимовбу?

Бүгүн, 25-ноябрда “Коррупцияга каршы” деген митинг болуп өттү. Анда “балкончулар” дагы келгенин транспаранттарга белгилеп жазып алышканын көрүүгө болот. Көпчүлүктүн колунда баягы эле белгилүү Раим Матраимовдун портрети бар.

Кызыгы, Илимбек Исраилов деген жарандын Фейсбуктагы түз эфирде даярдаган көрсөтүүсүндө, митингдин көпчүлүк катышуучулары колдорундагы Матраимовдун ким экенин билбей коюшту. Арасында эмнеге келгенин билбегендер дагы бар.

Мына ошол учурда, “интервьюну менден ал”, — деп ортодон кепке аралашкан белгилүү Рита Карасартова, “бул коррупциянын символу”, — дейт. Мындан улам, мыйзамды жакшы түшүнгөн укук коргоочу ачык күнөөлөгө барып жаткан соң, чындап эле өлкөдө сот, судьялардын кереги жокпу деген ой жаралбай койбойт экен…

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости