Видео — казак студенттери карантинге байланыштуу кытайдын ухань шаарынан чыга албай жатышат

Казакстандык студенттер коронавирус биринчи катталган Кытайдын Ухань шаарынан чыга албай жатышат. Кытай бийлиги карантин жарыялап, адамдардын шаарга кирип-чыгуусуна тыюу салган. Бул тууралуу «Борбор Азия жаңылыктар кызматы» жазып чыкты.

Уханда окуп жаткан студенттердин ата-энелери казак бийлигине кайрылып, балдардын мекенине кайтып келүүсүнө жардам берүүсүн өтүнүшүдө. Алардын айтымында, учурда балдарынын саламаттыгы жакшы, бирок вирус жуктуруп алабы деп тынчсызданышууда.

— Алардын арасында вирусту жуктуруп алгандар жок. Эпидемия бүткөнчө балдардын кайтып келүүсүнө жардам берүүңөрдү өтүнөбүз, — деди ата-энелердин бири казак дипломаттарына кайрылып.

https://www.youtube.com/watch?v=player/0/30393640.html?type=video

Азырынча Казакстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) ата-энелердин бул кайрылуусу боюнча эч кандай комментарий бере элек.

Өлкөнүн Башкы санитардык дарыгери Жандарбек Бекшин эпидемиологиянын эрежелери боюнча балдардын карантин алынганга чейин Уханда калганы туура болорун билдирүүдө.

— Ал жакта биздин студенттер ыктымал оорулуулар менен байланышта болгон болушу мүмкүн. Биз аларды дени сак алышыбыз керек. Алар ошол жакта дарыланышы зарыл. Азыр чыгарып кетүүгө мүмкүн болбой калды. Эпидемиологиянын эрежелери ушундай, — деди Бекшин.

Кытайда өпкөнү сезгенткен жаңы вирустан өлгөндөрдүн саны 25 кишиге чамалады. Өлкөнүн саламаттык сактоо мекемеси коронавирусту 571 адам жугузуп алганын кабарлап, жарандарды илдет биринчи катталган Ухань шаарына барбоого чакырды.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости