ВИДЕО — Бизге жакшылык дагы жарашпайт. Ээнбаштардын кылыгы

ВИДЕО - Бизге жакшылык дагы жарашпайт. Ээнбаштардын кылыгы

Жазында шаарды көрктөндүрөбүз деп “Бишкек жашылдандыруу” муниципалдык ишканасы бир топ эле аракет көрдү эле. Шаар үчүн деп эскилиги жетип, кыйылган дарактардан татынакай отургучтар калаанын бир нече жерине орнотулган. Чындыгында идея жакшы эле, үмүт дагы жакшы болчу. Эми ал үмүттү таш каап отурат.

7-ноябрь күнү Кыргыз техникалык университетинин жанына орнотулган андай отуручтарды талкалап, бузуп кетишиптир. Бул парклеттер оор жана жерге катуу кагылган. Бирок ага карабай колу кычышкан ээнбаштар кыңыр ишин иш жүзүнө ашырышыптыр. Бизге жада калса жакшылык дагы жарашпай калгандай…

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости