ВИДЕО – Азыркынын “кожожаштары” да сур эчкини ээрчип, аскада калышты (текстти аягына чейин окуңуз. Бизден "десерт" бар)

ВИДЕО – Азыркынын “кожожаштары” да сур эчкини ээрчип, аскада калышты (текстти аягына чейин окуңуз. Бизден "десерт" бар)

Кадимки мергенчи Кожожаш жигиттери менен тоо теке, сур эчкилерди кубалап жүрүп кырганын тасмадан көргөнсүңөр. Мына ошол сыяктуу эле мында дагы эчки-текелерди кууп кырып жүрүшөт. Айырмасы аттын ордуна, жол тандабас автоунаалар колдонулган.

Кызыгы, бул видеотасма унаа сур эчкини кууп бара жаткан жеринен бүтүп калды. Эми баягы айтылуу Кожожаш атабыз сымал аска-зоодо калышпаса эле болгону.

Эске сала кетсек, октябрь айынын аягында Жогорку Кеңештин жыйынында ушул тоо-текени атууга тыюу салган мыйзам долбоору каралып, бирок, колдоо таппай калган болчу. Андагы эл өкүлдөрүнүн теңинен көбү мыйзамга каршы добушун берген.

Эми мындан улам, айласы кеткен жапайы жаныбарлар минтип, кийинки видеодогудай кылып биздин ЖК депутаттарын төпөштөп эсине келтирмекке даярданып жатышат имиш…

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости