ВИДЕО — Аз калды. Катуу ылдамдыктагы унаа окуучу балдарды уруп кете жаздады

ВИДЕО - Аз калды. Катуу ылдамдыктагы унаа окуучу балдарды уруп кете жаздады

Бишкектин ички жолдорунун биринде катуу ылдамдык менен бара жаткан унаа токтоно албай, жөө жүргүнчүлөр өткөн өтмөктөн өтүп кетти. Мында жолдон өтүүгө камынган окуучулардын бири чуркап өтүп, экинчиси артка кайрылганын көрүүгө болот. Бактыга жараша каршыда келе жаткан автоунаалар ылдамдыгын жайлатып, токтоп калууга жетишти. Антпегенде бул окуя кайгылуу аякташы белгилүү эле.

Бул видео Телеграмдагы жергиликтүү каналдардын биринде жарыяланды. Видеону жарыялаган адамдын жазгандарына караганда, көрүнүш бүгүн 18-ноябр саат 12:53 чамасында, 7-апрел көчөсү менен ылдый карай багыт алган жолдо катталган. Айтымында, 01 KG 668 ABL мамлекеттик номурлуу кара түстөгү Toyota Opa автоунаасынын катуу ылдамдыкта өткөнүн көргөн күбөлөр бар. Керек болсо тастыктап беришет.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости