ВИДЕО+АУДИО – Бишкекте милиция жылкы кайтарып жүрөт

ВИДЕО+АУДИО – Бишкекте милиция жылкы кайтарып жүрөт

Ээси жок жылкылардын адашып жүргөнүн шаардыктар коңгуроо кылышууда. Кечээ, 25-ноябрда Телеграм каналына чыккан маалыматта, алгач жылкылар Бишкектин 4-кичирайонунда жүргөнү айтылса, кечинде дагы бир видео маалымат пайда болуп, анда шаардын Шопен көчөсүндө ондой жылкы ээн эркин оттоп жүрүшкөнү айтылган.

Бул маалыматтарды Бишкектин Октябрь райондук милициясынан NazarNews.kg агентигине тастыкташты. Милициянын маалыматына караганда, 4-кичирайону тарапта байкалган жылкылардын ээси табылган. Ал эми кечинде шаар ичинде байкалган жылкыларды камай турган жай жоктугуна байланыштуу, тартип сакчылары таңга чейин кайтарып чыгышкан. Ушул тапта дагы алардын кожоюну белгисиз.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости