ВИДЕО – Асманда жалбырттап өрттөнгөн учак кадрга түшүп калды

ВИДЕО – Асманда жалбырттап өрттөнгөн учак кадрга түшүп калды

Твиттердин колдонуучусу бөлүшкөн кадрдан учактын артындагы жалбырттаган отту көрүүгө болот. Бул тууралуу айтылгандарга таянсак, Филиппиндин Манила шаарына багыт алган учак авариялык абалда конгон. Ага учактын кыймылдаткычынын бузулушу себеп болгон.

Маалыматта, Лос-Анжелестен учуп чыккан ал авиалайнер, болжол менен бир саат учканы айтылууда. Анын бортунда 347 жүргүнчү болгон. Бактыга жараша, учак ийгиликтүү конуп, жабыр тарткандар жок.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости