ВИДЕО-Алла Пугачевага карата полиция чечим чыгарды

ВИДЕО-Алла Пугачевага карата полиция чечим чыгарды

Москва полициясы Алла Пугачеванын Рижск вокзалындагы перрондо унаа менен жүргөнүн текшерип чыгып, мыйзам бузууларды тапкан жок. Бул тууралуу орусиялык маалымат булактар жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, полицияга текшерип коюуну суранып, укук коргоочулар кайрылган. Полиция видеону карап чыгып, эч кандай мыйзам бузуу болгон эмес деген бүтүм чыгарган.

Белгилей кетсек, өткөн жылдын июнь айында “Москва-Рига” поездинин вагонуна Пугачеваны унаа менен алып келген видео интернетке тараган. Ырчынын унаасы так перрондо турганы интернет колдонуучуларынын кыжырына тийген.

Темир жол вокзалдарынын дирекциясы видеодо Рижск вокзалынын “Москва-Рига” поездинин биринчи эмес экинчи платформасы деп билдиришти. Аталган экинчи платформа техникалык платформа болуп саналып, унаа вокзалдын кардарларына жана жүргүнчүлөргө тоскоол жаратпайт.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости