Тогуз жашар бала аквапарктын суу түтүгүнө кирип кетти

Тогуз жашар бала аквапарктын суу түтүгүнө кирип кетти

Москванын аквапаркында тогуз жашар бала суу куюлуучу түтүккө кирип кеткен. Бактыга жараша баланы чыгарышкан. Бул тууралуу орусиялык маалымат булактары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, окуя 22-январь күнү кечинде болгон. Апасы менен аквапаркта эс алып жүргөн 9 жашар баланы толкун алып кетип, сүү куюлуучу түтүккө тирелип калган.

Баланы түтүктөн чыгарышкан. Анын денеси тытылып, бала катуу коркуп калган. Учурда баланын өмүрүнө эч коркунуч жок.

Ошондой эле, аквапарктын инструктор-куткаруучусу жардамга келген эмес. Себеби ал ошол убакта уктап жаткан.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости