Тажикстанда “Мусулман агайындар” кыймылына тиешеси бар делген 30 киши бошотулду

Тажикстанда “Мусулман агайындар” кыймылына тиешеси бар делген 30 киши бошотулду

Тажикстандын Согди облусунда тыюу салынган “Мусулман агайындар” кыймылына байланышы бар деген шек менен кармалган 30дай киши бошотулду. Алар 20 күнгө чейин суракка алынган. Бул тууралуу «Борбор Азия жаңылыктар кызматы» жазып чыкты.

Тажик бийлиги азырынча алардын эмне себептен кармалганын түшүндүрө элек. Буга чейин башкы прокурор билдиргендей, алар тыюу салынган кыймылга мүчө 113 кишинин арасында болгон-болбогону да белгисиз.

Абактан чыккандардын биринин “Озодиге” билдиришинче, тергөө учурунда алардан ишкер Абдусамад Латипов менен болгон мамилелери тууралуу сурашкан.

Маалыматтарга караганда, 35 жаштагы Абдусамад Латипов Дубайдан келер замат кармалган. Ал Египеттеги аль-Азхар университетинин бүтүрүүчүсү. Үч жыл мурун жергиликтүү мечиттердин биринде имам болгон. Бул кызматтан алынгандан кийин жеке ишкерлик менен алектене баштаган. Тажик бийлиги Лативовду “Мусулман агайындар” кыймылынын мүчөсү деп айыптоодо. Анын туугандары бул айыптоолорду негизсиз деп аташкан.

Тажикстанда тыюу салынган ”Мусулман агайындар” кыймылынын мүчөсү деген шек менен баш-аягы 113 киши кармалган. Бул тууралуу өлкөнүн башкы прокурору Юсуф Рахмон 28-январда Дүйшөмбүдө өткөн басма сөз жыйынында билдирген.

Анын айтымында, кармалгандардын арасында жогорку окуу жайларынын 20 окутуучусу менен кызматкерлери, ошондой эле Исфара шаардык аткаруу бийлигинин өкүлдөрү да бар.

Тажикстанда ”Мусулман агайындар” кыймылынын мүчөсү деген шек менен адамдарды кармоо январдын башында башталган. Өлкөдө бул кыймылдын ишмердигине 2006-жылы тыюу салынган.

“Мусулман агайындар”- 1928-жылы Египетте түптөлгөн, исламдын суннит багытын карманган диний уюм.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости