Ташкентте Human иш менен камсыздоо агенттигинин башчысы 10 жылга соттолду

Ташкентте Human иш менен камсыздоо агенттигинин башчысы 10 жылга соттолду

Ташкент облустук соту 27-январда Human иш менен камсыздоо агенттигинин жетекчиси Шохнур Файзуллаевди 10 жыл түрмөгө кесип, жабырлануучуларга 2,2 миллион доллар компенсация төлөп берүүгө милдеттендирди.

Бул тууралуу Өзбекстан Жогорку сотунун басма сөз кызматынын башчысы Азиз Абидов билдирди.

Шохнур Файзуллаев «Алдамчылык», «Товар сатуу же кызмат көрсөтүү эрежелерин бузуу» беренелери боюнча айыптуу деп табылды.

Былтыр сентябрда Human иш менен камсыздоо агенттиги 200дөй кишиге Германиядан, 500дөй кишиге Чехиядан жумуш таап берүүнү убадалаганы кабарланган. Бирок эч ким чет өлкөгө жөнөтүлгөн эмес, кардарлар банк аркылуу агенттикке төлөгөн акчаларын ала албай калышкан.

Келишим боюнча кардарлар 18ден 35 миллион сумга (($1800-3700) чейин акча төлөшкөн. Натыйжада 52 кишиден эле Human агенттигинин эсебине 1,67 миллиард сум же 175 миң доллар түшкөн.

Назар Новости