Полиция “Тез жардам” кызматынын унаасын кармады

Полиция “Тез жардам” кызматынын унаасын кармады

Москванын ооруканаларынын биринде “Тез жардам” кызматынын унаасында уруксат документи жок мөөнөтү өтүп кеткен жана күчтүү дары-дармектер табылган. Бул тууралуу орусиялык маалымат булактары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, текшерүү Москванын Саламаттыкты сактоо боюнча Федералдык көзөмөл кызматы тарабынан жүргүзүлгөн. Алар текшерүү үчүн бир кишинин жүрөгү ооруп жатат деп атайын “Тез жардам кеызматын” чакыврышкан.

Чакырылган жерге келгенде аталган ведомствонун адистери дары-дармектерди кыдаттык менен карап чыгып, административдик укук бузуулар жөнүнүдө проктокол жазышты.

Мындан тышкары сотко чейин медициналык жардам көрсөтүүгө тыюу салынды.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости