Өзбекстан Кытайдан 30 студентин алып келет

Өзбекстан Кытайдан 30 студентин алып келет

25-январда Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов 2019-nCoV вирусу чыккан Кытайдын Ухань шаарындагы 30 өзбек студентин алып келүүнү убадалады. Бул тууралуу «Борбор Азия жаңылыктар кызматы» жазып чыкты.

— Ухань шаарындагы 30 студент Өзбекстанга кайтарылат. Азыркы учурда Тышкы иштер жана Саламаттык сактоо министрликтери иш алып барууда, — деди Камилов.

Министр студенттер качан кайтып келерин так айткан жок.

Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) маалыматына караганда, Ухань шаарында жалпысынан 250 өзбекстандык бар. Алардын көпчүлүгүн жогорку окуу жайларда окуган студенттер түзөт. Буга чейин семестрдин аяктаганына байланыштуу өзбек студенттеринин көбү мекенине кайтып келишкен.

Акыркы маалыматтарга ылайык, Кытайда коронавирустан өлгөн адамдардын саны 80ге жетип, дүйнө боюнча илдетти жуктургандардын саны 2 миңден ашты.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости